Фаст-фуддун күтүлбөгөн зыяны

16-Янв. 2018, Шейшемби, 09:56

Бонн университетинин адистери көмүр суулар менен майды камтыган азык-түлүктөр организмдин инфекция болгон кезде болчу реакциясын пайда кыларын аныкташты. Бул тууралуу “MedicalXpress” жазды.

Изилдөө учурунда окумуштуулар чычкандарга тажрыйба жүргүзүшкөн. Аларды жогорку калориялуу, бирок аз өлчөмдөгү клетчатка бар азыктар менен тамактандырышкан. Натыйжасында кемирүүчүлөрдүн организми сезгенип, ал эми канында патогендүү микроорганизмдер менен күрөшүүчү көп өлчөмдөгу ак кан клеткалары аныкталган.

Ошол эле учурда, кадимки тамак-аш менен тамактандыра баштаганда бул сезгенүү кайткан. Бирок, тиешелүү гендер төрт жумадан кийин активдүү боло башташкан.

Мындан улам адистер, диета кармаган учурда аз өлчөмдөгу углевод жана май менен тамактануу ашыкча салмактан гана арылтпастан, ошол эле маалда, ар турдүү өнөкөт оорулардын өөрчүшүн азайтат деген жыйынтыкка келишти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!