Пакеттеги чай ракка алып келет

17-Янв. 2018, Шаршемби, 17:18

Эксперттер пакеттеги чай тамак сиңирүү системасын менен бөйрөккө, сөөккө таасир берип, тукумсуздук менен ракка чалдыктырары аныкталды. Бул тууралуу “life.ru” булагы билдирет.

Тактап айтканда, пакеттеги чайды ичкен адамдар ар дайым хлор менен бирге дагы башка зыяндуу кошулмалар бар экени аныкталды. Эксперттер пакеттеги чай чыныгы суусундуктар менен окшоштугу аз экендигин эскертишет.

Ошондой эле алар пакеттеги чай топурактагы фторидтерди жыйнаган эски жалбырактардан дардалаары айтылат. Мындай кошулмалар сөөк менен бөйрөккө өтө кооптуу.

Пакет чыгарган ишкерлер аны хлор менен агартышат экен. Ошондой эле, кагаз пакеттерде пестицид катары колдонулган эпихлоргидрин болот. Анын кесепетинен, чай суу менен аралашкандан кийин тукумсуздукка дуушар кылып, иммунитетти төмөндетүп, керек болсо рак дартына чалдыктырат.

Маалыматка ылайык, пакеттеги чайды бир эмес, бир нече ирет колдонгон же болбосо ар дайым ушундай чай ичкендердин организминде концентрация көбөйө берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!