Инсульт болгон адамга ийне саюуга болобу?

27-Янв. 2018, Ишемби, 13:42

Инсульт – мээдеги кан тамырлардын кызматынын капыстан бузулуп, мээге кандын куюлусу. Инсульт жана анын алгачкы белгилери тууралуу буга чейин жазган элек. Ал эми бүгүн "бул дартка чалдыккан адам кантип жардам бере алабыз?" деген суроого кытай дарыгерлеринин көз карашы менен жооп издеп көрөбүз.

Негизинде, кытай дарыгерлеринин ийне менен массаж жасарын баарыбыз билип келгенбиз. Ушул ийненин дагы да бир сыры ачылды. Профессорлордун айтуусу боюнча, бул эмдөөнүн жардамы мол. Инсультту мындай шыпаа менен эмдөө XVII кылымда колдонулган. Ал үчүн жөнөкөй медициналык шприц же болбосо кийим тиккен ийне оңой табууга мүмкүн болгон жерде турганы абзел.

Адам инсульт алган кезде, мээнин кан тамырлары жарыла баштайт. Кандай гана жагдай болбосун инсульт алган адамды жаткан жеринен кыймылдатпоо керек. Анткени, денени кыймылдатканда кан тамырлар жарылып кетүүсү мүмкүн.

Зыян чеккен адам инсульттун кесепетинен дагы да талып кулап калбоосу үчүн көз салып туруу кажет.


Андан кийин ийнеге кезек келет:

Ийнени отко кактап, стерилдөө зарыл.

Ооруган адамдын колдорунун 10 манжасына ийнени сайыңыз. Ийнени манжага сайууда белгилүү бир жерлери жок. Бирок, тырмактан бир аз алыс сайыңыз. Манжанын башынан кан чыккандай кылып сайыңыз.

Кээде манжадан кан чыкпай калган учурлар да болот. Ал убакытта колуңуз менен оорулунун манжасын катуу кысыңыз.

10 манжадан кан тамырлар пайда болсо, бир аз убакыт күтө туруңуз.

Дагы бир учур: инсульт алган адамын жагы кыйшайып кетүүсү мүмкүн. Мындай учурда, анын эки кулагын кызарганча укалаңыз.

Кызаргандан кийин, кулактын сөйкө такчу жерин да ийне менен эки ирет сайыңыз. Алардан да кандын чыгуусун күтүңүз. Бир мүнөттөн кийин инсульт алган адам калыбына келет. Ооруган адам эсине келгенден кийин, ооруканага алып баруу керек. "Башында тез жардам чакырып, бейтапты унаага жеткиргенге чейин, катуу кыймылдаткандан улам мээнин кан тамырлары жарылып, кайгылуу жагдай туулат эле", - дейт кытайлык профессорлар. Тагыраак айтканда, бейтап физиологиялык аракет жасабоого тийиш.

Эскертүү! Бул ыкма медициналык жактан тастыкталган эмес, элдик ыкмаларындын бири. Бул ыкманы туура эмес жасаган болсоңуз адам өмүрүнө тобокелдик жаралышы мүмкүн!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!