Колду сууга салса эмнеге жыйрыла түшөт?

2-Фев. 2018, Жума, 16:39

Ваннада узак убакыт болгон кезде бармактарыбыз менен колдорубуздун териси эмне себептен жыйрылып, бырыш түшөт деп ойлойсуз?

Колдун териси себум деп аталган май бездери менен капталган, алар колдун нымдуулун сактайт жана сырткы факторлордон коргойт. Бырыш түшкөн бармактар нерв системасындагы вегативдүү реакциянын натыйжасы болуп саналат.

Колду көп убакыт сууда кармасак андагы себумдар жуулуп кетет. Ал эми бырыш-теринин сууга сугарылгандыгынан улам пайда болот.

Окумуштуулар эң башта мунун себеби, теринин үстүнкү катмарынын шишип кетүүсү катары айтып келишет. Теринин үстүнкү бетине суу киргенден кийин ал көөп чыга келет. Бирок ал терини чоюп же кеңейтип сала албайт. Себеби астынкы катмар менен байланыш болуп тургандыктан, теринин сырткы кабатына бырыш түшөт. Ушундайча ал өзүнүн жыйрылып, көөп чыккан касиетин көрсөтөт.


Бирок, 1935-жылы кээ бир дарыгерлер нервине зыян келген бейтаптардын колдорунун териси жыйрылбай турганын байкашкан. Ошентип алар бармак терилеринин жыйрылуу себеби, нерв системасынын сууда узак убакыт кармоодо таасири бар деп аныкташкан.

Нейрологтор организмдин жогорку нымдуулук деңгээли заттар менен жана сырткы бети менен жакшыраак аракеттешүүсүн камсыз кылат деп эсептешет. 2013-жылы окумуштуулар изилдөө жүргүзүшкөн. Анда манжалары бырыш болгон жана бырыш түшпөгөн адамдардын нымдуу жана кыргак ар түрдүү заттарды көтөрө алуулары керек болду. Ошентсе да бармактары жыйрылган бейтаптар нымдуу заттарды 12 пайызга ылдамыраак көтөрө алышкан.

Бармактардын бырыш түшкөн териси автоунаа дөңгөлөктөрүнүн протекторлору сыяктуу кызмат кылат. Ошол аркылуу биз заттарды жакшы кармай алабыз жана ылдам козголуп кыймылда болобуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!