Ден соолукка пайдалуу кеңештер

9-Фев. 2018, Жума, 14:35

Стакан сууга жарым чай кашык тамак-аш содасы кошулган суюктук чиркей чаккандагы кычышкан жерди басуучу жакшы каражат.

Урунган жерге нымдуу крахмал басса, шишиген жер көгөрбөйт.

Сарымсакты жегенден кийин бир аз ашкөк чайнап койсо, ооздо жыт калбайт.

Сөөл пайда болсо, күнүнө 4-5 жолу каакымдын сүтү же жаңы картошка, сарымсактын кесиги менен сүртүү керек.

Колдогу жана буттагы түктү болот менен кырууга болбойт, кырганда түк катууланып, тез өсө баштайт.

1 л сууга 3 аш кашык ачык суу кошуп, чачты чайкача, чач жалтылдап турат.

Кол керосин, нафталин, балык майы ж.б. жыттанса, сууга кошулган горчица менен жакшылап сүртүп, андан кийин самындуу суу менен жууш керек.

Кездемени боедо булганган колду сода же суутектин кычкылы кошулган ысык суу менен жууш керек.

Колдогу сыя тагын нашатырь спирти же атырга малынган кебез менен кетирүүгө болот. Андан кийин самындуу жылуу суу менен жууш керек.

Тери дайыма ак болсун үчүн күнүнө бир нече жолу 1,5 аш кашык лимон, 2 чай кашык шекер, 1 чай кашык бура жана 3 аш кашык сууну флаконго куюп, чайкап аралаштырып, 24 сааттан кийин терини сүртүүгө болот.

Бетке ысык чыкканда эртең менен ач карын дайыма 1 кашык таза бал жеген жакшы.

Өтө кургак тери менен чачка уйгак майы жардам берет. Күзүндө төө жалбырактын 1 же 2 жылдык тамырын чогултуп, майдалап, суу май куюп (1 кашык майга 1 кашык майдаланган тамыр) 2 жума коюп, андан кийин эки жолу баштын терисине сүртүү керек.

Ысыкта сууну көп ичүүгө болбойт, анткени ал тердетет. Чаңкаганды ысык чаң же жемиш ишреси жакшы кандырат.

Эскире элек чорду оорутпай эле жоготууга болот. Ал үчүн чорго ачык сууга чыланган нандын жумшагы менен 8 күн компресс жасоо керек. Компрессти түн бою калтырган жакшы.

Жайкысын липа гүлүнүн же дан куурайдын жалбырагынын маңызы кошулган (1 ст кайнак сууга 1 чай кашык маңыз) сууга жуунган өтө пайдалуу.

Көзгө жылуу сууга малынган кебезди 3 минута басып, андан кийин муздак сууга малынган кебезди дагы 3 минута басу керек. Мындай компресс айрыкча ыйлагандан кийин пайдалуу.

Эринге эндик сүйкөгөндөн мурда упа сепсе, эндик көпкө кармалат.

3-5 килодон ашык жүктү бир колго же бир ийинге көтөрүүгө болбойт. Анткени, бул учурда кишинин келбети менен басыгы бузулуп, а түгүл омурткалар да ийрейип кетиши мүмкүн. Оор жүктү эки колго теңдеп көтөрүү сунуш кылынат. Мүмкүн болсо жүктү рюкзак менен көтөргөн же сумкалуу арабачага салып сүйрөп алган жакшы.

Уйку качканда жана аябай чарчаганда 1 ст. сууга 1 аш кашык бал кошуп ичкен пайдалуу.

Баланын сологой же сологой эместигин билүү үчүн ага кагаз, карандаш берип айлана чийдирүү керек. Эгер карандашты саат жебеси боюнча айлантса, анда бала сологой болот.

Аптекадан алган дары-дармек чөптөрдү пайдаланаарда жууганга болбойт. Анткени андагы организмге пайдалуу заттар сууга жакшы эрип, чөп өзүнүн айрым дарылык касиетин жоготот. Дары чөпкө кокусунан туш болгон микробдор маңыз даярдоодо өзүнөн өзү өлүп жок болот, ал эми ар кандай кирлер маңызыдн түбүнө чөгүп калат.

Дары-дармек чөптөрдү жакшылап таңгактап, кургак жана жылуу жайда сактоо суну кылынат.

Суук тийгенде чай же сүткө бал кошуп ичкен өтө пайдалуу. 100 гр балга лимондун ширесин кошуп, күнүнө бир нече жолу 2-3 чай кашыктан ичсе да болот. Кургак горчицаны жүн байпакка сээп, түкнүсүн кийип жаткан да пайдалуу.

Суу тийгенде (t жогору болгон учурда) суюктукту көп ичүү керек. бул организмден микробдуу уу заттардын бөлүнүп чыгышына шарт түзөт.

Жөтөлдү басу үчүн лимонду кабыгы менен 10 минута кайнатып, анан кесип, ширесин сыгып, ага 2 аш кашык глицерин кошуп, аралаштыруу керек. Күнүнө 2 чай кашыктан ичсе, жакшы натыйжа берет.

Өпкө ооруганда чайга бал кошуп ичүү сунуш кылынат. Балды жаңгакка кошуп жесе да болот. Бул айрыкча жөтөлдү басууга жардам берет.

Чычырканактын майы тери, гинекологиялык ооруларды, күйүктү, ашказандагы жана он эки эли ичегидеги жараатты дарылоодо эч алмашкыс дары.

Тамекини тутантууда бөлүнүп чыккан ширеңкенин газы өпкөгө өтө зыяндуу.

Огород же бакта иштегенде карарган колдо шекер (чай кашык) кошулган самындуу көбүк менен жууган жакшы.

Алтын шакекти бир түнгө суда кармап, ошол сууну дайым эртең менен ичип туру мээнин иштөөсүн жөнгө салат.

Башыңыз катуу ооруганда чекеңизге жезден жасалган тыйынды бассаңыз бат басылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!