Тамак ооруганда туз жардам берет

21-Фев. 2018, Шаршемби, 10:21

Тамак ооруганда көпчүлүгүбүз дары ичип, соргуч дарыларды кабылдап айыктырабыз. Бирок тамак ооруганда туз менен дарылоого болоорун бири билсе, бири биле бербейт.

Болгону туз менен чайкоонун өзү жардам бере албайт.

Биринчи, бир стакан жылуу сууга бир чай кашык туз салып эритип, ага эки тамчы йод тамызыңыз. Алгач тамакты ушул суу менен чайкап алуу керек. Андан кийин бир аш кашык зайтун майын ооздо бир аз кармап туруп чайкап, тамакка чейин алып барыңыз. Андан соң майды түкүрүп салган оң. Тамак ооруганда ушул ыкманы 3-4 жолу жасасаңыз, оорудан тез айыгып кететсиз.

Адам сасык тумоого кабылганда болгону тамагы менен башы ооруп гана койбостон, ага мурун кошулаары да жашыруун эмес. Мурундан суу агып, бүтөлгөндө 3-5 тамчы алоэ ширесине ушундай эле өлчөмдө бал салып, аралаштырып, күнүнө 4-5 ирет тамызып туруңуз. Ошондой эле, сасык туумоо кезинде мурундан суу акпай кургак, бүтөлүп калса кунжут майын 2-3 тамчыдан тамызган пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!