Ооз көңдөйүнүн жагымсыз жытына каршы азыктар

24-Фев. 2018, Ишемби, 15:04

Ооз көңдөйүнөн чыккан жагымсыз жыт биринчи кезекте гигиенаны туура сактоодон көз каранды. Бирок, айрым азыктар да андагы жагымсыз жыттан арылтуучу касиеттерге ээ. Алар төмөнкүлөр:

Йогурт

Йогуртту үзгүлтүксүз колдонуу ооз көңдөйүндө бактериялардын пайда болушуна тоскоол болот. Бирок, йогурт алаарда курамындагы табигый компоненттерге көңүл буруу керек.

С витаминине каныккан азыктар

Курамында С витамини көп болгон мөмөлөр, цитрус жемиштери, дарбыз сыяктуу азыктар бактериялардын көбөйүшүнө тоскоол болот. С витаминин тынымсыз кабыл алып туруу бүйлөнүн абалына да оң таасирин тийгизет.

Сагыз

Сагыз ооздогу жагымсыз жыттан арылта албайт, ал болгону убактылуу жардам берет. Сагыздын дагы бир жакшы жагы - ооз көңдөйүн тазалоочу шилекейдин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Сагыз сатып алаарда анын кантсыз болушуна маани бериңиз.

Петрушка

Бул көк чөп ооздун жагымсыз жытын, ошону менен катар тамекинин түтүнүнүн жытын жоготуучу эң жакшы каражат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн петрушканы чайноо же чай кылып демдеп ичүү жетиштүү. Бул өсүмдүктүн эки жактуу пайдасы бар: жагымсыз жыттан эле арылтпай, тамак сиңирүүгө да оң таасирин тийгизет.

Клетчаткага бай жашылча-жемиштер

Булар алма, сабиз, сельдерей. Бул жашылча-жемиштер шилекейдин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Ал эми шилекей ооз көңдөйүн суулап, тиштердин арасында калып калган тамактын калдыктарын алып чыгат. Жагымсыз жыттын дагы бир себеби - дал ушул калдыктар болуп эсептелинет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!