Депрессияны жеңүүнүн оңой жолу

27-Фев. 2018, Шейшемби, 16:16

АКШ окумуштуулары депрессияны жеңүүнүн жөнөкөй жолун тапты. Бул тууралуу “Риа Новости” сайты маалымдады.

Адистер жаңы бышкан жемиштерди, мөмөлөрдү жана дандуу өсүмдүктөрдү жесе психикалык жабыркоолорду азайтаарын аныкташты. Алар бул жыйынтыкка картайган адамдарга жасалган 6 жылдык байкоосунан кийин келишкен.

Катышуучулар Жер ортолук деңиз жана батыш диеталары боюнча диеталык талаптарга шайкеш 3 негизги топко бөлүнгөн. Байкоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, жер жана мөмө-жемиштер менен майсыз тамактар менен тамактанган топко депрессиянын пайда болуу коркунучу төмөн болгон. Депрессиянын эңжогорку көрсөткүчү көп өлчөмдөгү кызыл эти бар батыш диетасындагы катышуучуларга катыштуу болду.

Изилдөөчүлөрдүн айтуусу боюнча, мөмө жана жер жемиш диетасы психикалык коркунучтарды азайтат. Буга чейин окумуштуулар жумасына 1 саат гана жасалган машыгуунун өзү стресстин болушун болушунча төмөндөтөрүн аныктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!