Бетке карап дарты аныктоо

3-Март 2018, Ишемби, 11:31

Медицинада «физиогномика» деп аталган илим бар. Бул илим адамдын келбетине карап кандай дартка чалдыкканынын аныктайт. Адатта ар күн жумушка барардын алдында күзгүнүн алдына келип өз жүзүбүздү бир карабай чыкпайбыз. Дал ушул маалда өз бетибиздеги өзгөрүштөргө кунт коюп көңүл бөлсөңүз, ден соолугубуздагы өзгөрүштөрдү байкай аласыз. Бул оорунун алдын алууга өтө пайдалуу. Чыгыш медицинасында эзелтен бул ыкманын жардамы менен оорулуга алгачкы диагноз коюда маанилүү болуп келген.

Эгерде...

Көзүңүздүн үстү шишисе

Бул бөйрөктүн алсыздыганан же бөйрөк ооруп жатканынан кабар бериши мүмкүн. Мындай учурда дарыгерге барып каралыңыз жана кан басымыңызды өлчөтүңүз.

Көздүн тегереги кара тартса

Бул сиздин каттуу чарчап жатканыңызды билдирет. Бул учурда эс алып, тынчтыкка көңүл бөлүңүз.

Кулак чуңкурунун түсү бозоруп турушу кан айлануунун туура жүрбөй жатканын көрсөтөт.

Эгер адамдын муруну менен эринди карай сызыктар пайда болсо, анда анын жүрөгү жана кан айлануусунда кыйынчылыктар бар дегенди билдирет.

Тилдин үстү агарып, калыңдаса

Тамак-аш сиңирүү жакшы болбогондуктан, ашказан оорусунан, ичеги-карын кызматтарынын жабыркаганын көрсөтөт. Мындайда тамакты өлчөп жегенге көңүл бөлүү керек.

Бетке кара так түшсө

Бул тамакта В тобундагы витамин же болбосо С витаминин аз болгондугунан кабар берет. Көбүрөөк таза жана жаңы бышкан жер жемиштерди жеш керек.


Тери саргайып кетсе

Боордун ооруп жатканынан кабар берет. Мисалы, боордун ишинин бузулушу, боордун закымдашы сыяктуу.

Көз астындагы шишик, беттин саргарып, шишисү бөйрөктө же калкан безинин кызматынын бузулушун билдирет.

Безетки, кызамык, учуктун тез чыгып турусу да ашказан ичеги ооруларынан, нерв менен эндокриндик системадагы организм жумушунун четтешинин белгиси болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!