Бөйрөктө ташты пайда кылган азыктар

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:03

АКШнын окумуштуулары илимий изилдөө жүргүзүп, бөйрөктө таштын пайда болуусуна алып келген 5 азык-түлүктү аныкташты.

Америкалык эксперттер күнүнө миллиарддаган адам ичип жүргөн кофени бөйрөк үчүн кооптуу деп табышты. Изилдөөчүлөрдүн оюу боюнча, кофени сүйүп ичүүчүлөрдүн саны арткан сайын бөйрөккө таш жыйналган оорулуулардын да саны өсүүдө. Эксперттер кофе бөйрөктүн жумушунун бир нече эсе ылдамдатып, ошого байланыштуу бөйрөк тез чарчап, «картая баштаарын» далилдешти. Бул тууралуу “Ren” маалымат булагы кабарлайт.

Экинчи орунда – кызыл эт. Бөйрөккө зыян тийгизбеш үчүн этти өтө аз өлчөмдө пайдаланган оң. Аны ак түстүү эт менен, мисалы, тоок эти менен алмаштырууга болот.


Үчүнчү орунда – туз. Тузду көп пайдалануу денедеги сууну азайтып, бөйрөктө майда бөлүкчөлөрдүн топтолуп ташка айлануусуна алып келет.

Кооптуу азык-түлүктөрдүн катарында чай төртүнчү орунга жайгашкан.

Ал эми тизмектин бешинчи орунунда – газдалган суу. Суусундуктун бул түрү ден соолукка өтө кооптуу экени белгилүү. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, ар бир адамга газдалган суусундук дененин ички органдарынын, анын чинде бөйрөктүн жумушуна терс таасир тийгизет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!