Организмге кайсы азык эмне үчүн керек?

13-Март 2018, Шейшемби, 09:59

Жашоо үчүн күрөшүп, кара курсакты тойгузууга ар бир адам акылуу. Бирок, көзүбүзгө жакшы көрүнгөнүнө же даамдуусуна карап аралаштырып жебей, кайсы азык эмнеге пайдалуу экендигин билип алып жесек идеалдуу тамактанган болоор элек. Ал үчүн төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз.

Эске сактоону жана жумушка болгон жөндөмдүүлүктү арттыруу үчүн

Эмне жеш керек? Балык, жаңгак, боор, дрожж.

Эмне үчүн? Бул азыктарда В тобунун витаминдери бар. Бул витаминдер энергиянын бөлүнүп чыгышына жооптуу. Эске сактоону жакшыртат, агрессияны жоготот, неврологиялык мүнөздөгү ооруларды азайтат.

Канча күндө бир? Жок дегенде жумасына 2-3 жолу.

Көздүн жакшы көрүүсү үчүн

Эмне жеш керек? Карагат, кыргычтан өткөрүлүп, сметана кошулган сабиз.

Эмне үчүн? Бир чоң сабиз (100 г) организмди эки күндүк каротин менен камсыз кылат. Каротин болсо А витаминине айланып, көрүүгө оң таасирин тийгизет.

Эсиңизге сактаңыз: Кыргычтан өткөрүлүп, сметана кошулган жаңы сабиз тырмакты бекем кылып, чачты жалтыратуучу пайдалуу витаминдердин комплексин өзүнө камтыйт.

Канча күндө бир? Жумасын 3-4 жолу.

Жаштыкты сактоо үчүн

Эмне жеш керек? Күн карама майын, күрүч, жер жаңгак.

Эмне үчүн? Бул азыктарда организмдин картаюусун жайлатуучу Е витамини бар.

Эсиңизге сактаңыз: Бет май тандоодо да курамында Е витамини барларына маани бериңиз.

Канча күндө бир? Күн сайын.

Узак жашоо үчүн

Эмне жеш керек? Майлуу балык, күн карама майын, жаңгак.

Эмне үчүн? Бул азыктардын курамында омега-майлар бар. Ал кандагы холестеринди азайтып, муну менен катар инфаркттын алдын алат.

Эсиңизге сактаңыз: Кургатылган балыкта пайдалуу заттар ошол бойдон калат, ал эми краб таякчаларында ал эң аз өлчөмдө сакталат. Андыктан, аны колдоноордо жылуу сууга бир аз салып, андан кийин колдонуу керек. Эң пайдалуу балыктар болуп семга, форель, сельдь, скумбрия балыктары эсептелинет.

Канча күндө бир? Күн сайын жок дегенде 50-100 граммдан.

Чач жана тери үчүн

Эмне жеш керек? Сыр, эт, боор, бөйрөк, мээ, жумуртканын сарысын.

Эмне үчүн? Булардын курамындагы биотин чачтын жана тырмактын өсүүсүн жакшыртат, жаш өткөн сайын чачтын түшүшүн жайлатат.

Эсиңизге сактаңыз: Биотин ичегилерде бифидобактерияларды иштеп чыгат.

Канча күндө бир? Мүмкүн болушунча күн сайын бир порциядан.

Иммунитет жана жүрөк үчүн

Эмне жеш керек? Жаңы сабиз, ашкабактан жасалган тамактарды, помидор, грейпфрут, жашыл жашылчаларды, цитрус жемиштерин.

Эмне үчүн? Бул жашылча-жемиштердин курамындагы пайдалуу заттар жүрөк-кан тамыр системасына оң таасир берип, иммунитетти көтөрөт.

Эсиңизге сактаңыз: Жашылчалардын ордун жаңы сыгылган ширелер менен алмаштырууга болот.

Канча күндө бир? Саналган азыктардын жок дегенде бирөөсүн күнүнө 2-3 жолу.

Шлактарды чыгаруу үчүн

Эмне жеш керек? Капуста, катырылган өрүк.

Эмне үчүн? Аларда клетчатка көп.

Эсиңизге сактаңыз: Бышкан капуста деле жаңысындай эле касиетке ээ.

Канча күндө бир? Клетчатка организмге күн сайын түшүп турууга тийиш.

Сергектик үчүн

Эмне жеш керек? Цитрус жемиштерин, брокколи капустасын, таттуу болгар калемпирин, карагат, ит мурун.

Эмне үчүн? Бул азыктар С витаминине бай.

Эсиңизге сактаңыз: С витамининин жардамчысы болуп биофлавоноид заттары эсептелинет. Алар көк чайда, кызыл винодо, алмада, пиязда, помидордо бар.

Канча күндө бир? С витамини организмден бир сутканын ичинде чыгат. Андыктан, анын организмге жеткирилүүсү тынымсыз жүрүп туруусу кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!