Иммунитетиңизди көтөрүү үчүн

17-Март 2018, Ишемби, 15:48

Вирустарга, суук аба ырайына жана алгачкы аяздарга каршы бардык оору сыркоону жеңип чыккыңыз келеби?

Анда иммунитетиңизди бекемдеңиз.

Дени сак өмүр сүрүү жана туура тамактануу бардык оорулардан коргоп, саламатыңызды калыпташтырууга жардам берет.

Эң башкысы – кыйын эч нерсе жок!

Дарыгер сизге эч качан тоок сорпосун ичүү керек деп кеңеш бербейт, бирок анын пайдасы тууралуу чоң энелерибизден уксак керек.

Ал эми эртең менен жаңы сыгылган апельсин ширесин ичсеңиз – бул болгону пайдалуу гана эмес, ага кошо өтө даамдуу дагы!

Күн сайын сиздин организмиңиз 200дөн ашык вирустарга каршы турат.

Эгер ошол маалда өзүңүздү чарчаңкы сезип, стресске берилип, уйкуңуз канбаган болсо жана дал убактысында пайдалуу заттарды кабыл албаган болсоңуз сиздин организмиңизге алар менен күрөшүү кыйын болот. Кийин узак убакытка созулган дарылоодон өткөндөн көрө заматта каршылаштарыңызга тосколдук көрсөтсөңуз алда кайда жеңил болот. Ар дайым кыймылда болууга, керек болсо эң суук мезгилде өзүңүздү жакшы сезүүгө жана вирустарды жолотпоого болот?

Ал үчүн адаттарды калыпташтырып, иммунитетти бекемдөөчү куралдарды билиш керек!

1. Пайдалуу тамак

Жаңы бышкан жер жемиштерден, дандардан жасалган азык-түлүктөн белокко бай эттен турган диета ооруларга каршы туруга жардам бермейчи.

Аны менен бирге сууну көп ичип, кант менен майлуу азыктарды жегенден баш тарту керек.

Иммунитетти бекемдөөчү азык-түлүк:

  • Балдын бактерияларга каршы касиеттери бар, суук тийгенде, сасык тумоого кабылганда жана тамак ооруганда жакшы жардам берет.
  • Сарымсактын зыянсыздандыруучу жана дарты алдын алуучу касиети бар.
  • Мөмө-жемиштердин антиоксиданттык касиеттери бар, иммундук системаын коргойт жана вирустар менен күрөшөт.
  • Кара бүлдүркөн, кулпунайдан, карагаттан жана башка мөмөлөрдөн жасалган коктейльдерди ичүүнүн пайдасы көп.

    2. Дене активдүүлүгү

    Спортсуз өмүр сүрүү мүмкүн эмес!

    Кыймыл-аракет – бул жашоо.

    Күнүнө эң аз дегенде 20-30 мүнөтүңүздүдене чыныкт ырууга бөлүңүз.

    Эгер спорт залына баруга убактыңыз болбосо, анда башка амалдарды табууга аракет кылыңыз.

    Көбүрөөк жөө басыңыз, лифтти сейрек пайдаланыңыз, балдарыңыз менен көп кыймыл-аракетти талап кылган оюндарды ойноңуз, бийлеңиз.

    3. Тынчтык жана көңүлүңүздүн жайбарактыгы

    Стресс – бул организмибизге кирип кетүүсүнө жол берсек, иммунитеттин эң чоң жоолорунун бири. Эмоцияларыңызды чектен ашырбай карманууга үйрөнүңүз.

    Ал үчүн йога менен машыгып, таза абада көбүрөөк сейилдеңиз, жагымдуу музыка угуп, китеп окуңуз, бий бийлеп, спорт менен алектеңиз жана денеңизди сергитүүчү ванна кабыл алыңыз.

    4. Ден соолукка пайдалуу катуу уйку

    Уйку клеткаларыбызды калыбына келтирип, организмибизди вирустар менен күрөшүүгө жардам берет.

    Ошондуктан ар дайым бөлмөнү жакшы желдетип 8-9 сааттай уктоого аракет кылыңыз.

    5. Витаминдер убактысы

    Жумушуңузда баары ооруп, балаңыздын мектебинде карантин жарыяланган кезде милдеттүү түрдө витаминдерди кабыл алыңыз. A, C, B жана D витаминдери биздин иммунитетибиз үчүн өтө маанилүү. Атайы витаминдер тобун ичсеңиз же ошол витаминдерге бай азык-түлүктү көбүрөөк жесеңиз болот.

  • А витаминдеринин ошону менен катар бета-каротиндин эң бай көздөрү сабиз, таттуу картошка, коон, манго, капуста, кызыл түстүү өсүмдүктөрдөн таба аласыз.
  • С витамини вирустар менен жана бактериялар менен күрөшөт. Бул витаминге папайя, кулпунай, киви, коон, брокколи, лимон жана грейпфрут бай келет.
  • Ден соолугуңуз бекем болун!

    Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!