Булимия деген эмне?

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 10:00

Булимия — анорексия сыяктуу жаш өспүрүмдөр арасында көп кездешүчү көйгөй. Ал – тамакты чамадан сырткары ичүү менен табиттин өтө жогору болушу.


Булимиянын пайда болуу себептери:

- стресс;
- өзүн-өзү жек көрүү;
- туура тамактанбоо;
- тукум куучулук;

«Өткөл курактагы» жаш өспүрүмдөр арасындагы болуп жаткан өзгөрүштөр, ата-энесинин ажырашууусу, курбу досторунун өзү тууралуу пикири, кыялданган нерселерине жете албоосу, сүйүү жана башка ушул сыяктуу дүйнөлүк жана материалдык учурлар катуу таасир берет.
Пайда болгон кыйындыктарды жоюу үчүн ар дайым (керек болсо күндө) тамак жегиси келет. Ушундайча чамадан сырткары тамактануу адамдын ички түзүлүшүнүн кызматынын бузулушуна алып келет. Ошону менен бирге жүрөккө, тишке терс таасир берет. Адам семирип кетүүдөн коркуп, колун оозуна салып кусуп таштоого аракет кылат.
Ал бул көйгөйдү эч кимге айпай жашырышы да мүмкүн.
Бирок «ооруну жашырган өлүмгө түртөт» демекчи мунун аягы психосоматикалыкөнөкөт дартка айлануусу ыктымал.
Ошол себептен ооруну жаап жашырбай дал убагында дарыланууга аракет кылуу керек.


Кантип дарылануу керек?

Булимия менен ооруган адам алгач психиатр, психолог, психоаналитикке көрүнүп, нервине катуу таасир берген көйгөйдү чечүүгө умтулуу керек. Ошондой эле, бейтап өзүнүн күнүнө канча жолу, кандай тамактанып жатканын жазып туруп, терапевт (же гастроэнтеролог) дарыгерине жашырбай айтып туруусу абзел. Диетологдор менен кеңешип, адам организмине пайдалуу витамини көп тамактарды гана ичүүгө аракет кылганы оң.


Ооруган адамга тууган-тушкандары колдоо көрсөтү турушу керек.
Убагында дарыланган адам оорудан айыгып, мурунку калыбына келет

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!