Ден-соолук тууралуу кызыктуу маалыматтар

23-Март 2018, Жума, 14:41

Адам көргөн түштөрүнүн 90 пайызын унутуп калат.

Күз менен салыштырганда жазында дем алуунун тездиги үчтөн бир эсе көбүрөөк болот.

Адамдын денеиндеги жылуулуктун 80 пайызы баштан чыгат.

4 жаштагы бала күнүнө орточо эсеп менен 450 суроо берет.

Дене салмагынын 1 пайызына тең суу жоготкондо адам суусап, чөлдөй баштайт. Бул көрсөткүч 5 пайыздан ашса, эсин жоготуп, ал эми 10 пайыздан ашса, өлүп калуусу мүмкүн.

Сиз кызарган кезде ашказан да кызарат.

Адам — чалкасынан жатып уктаган жалгыз тиричилик ээси.

Өбүшкөн кезде адамдан экинчи бир адамга 278 бактерия берилет. Бир кызыгы алардын 95 пайызы коопсуз.

3 айдан ашкандан кийин түйүлдүктө манжалар пайда боло баштайт.

Адам мээсинин сыйымдуулугу 4 терабайттан ашык.

Сологойлор менен салыштырганда, оң колу менен көп жумуш жасагандар 6 жылга узак өмүр сүрүшөт.

Эркектерге караганда аялдардын жүрөгү бат-баттан кагат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!