Шпинат менен иммунитетти бекемдеңиз!

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:50

Шпинат иммунитет менен булчуң этке жакшы таасир берген глютамин жана аминкычкылына өтө бай. Шпинаттын 90 пайызы суудан турат, сизге аны жаңы бойдон жана көп өлчөмдө жегенге туура келет.

Анда глютаминдер жакшы сакталат. Ошону менен катар, курамында ден-соолукка пайдалуу октакозанол заттары шпинаттын курамында көп кездешет.

Өзгөчө, культуристер үчүн октакозанолдун пайдасы мол. Анткени, булчуң эттерди чыныктырууда жакшы жардам берет. Бирок, шпинатты керектүү өлчөмдө алуу үчүн бир салатка кошуп жеген азык кылат.

Ага татымалдарды кошууга болот жана шпинаты системалуу түрдө жеген пайдалуу. Ушундайча, сиз чындыгында күч-кубатка ээ боло аласыз. Шпинатта сиздин организмди коргоп, көздүн көрүүсүн жакшыртуучу лютеин менен зеаксантин жана коротениодтор бар.

Кандай жеш керек?

Салат үчүн 300 грамм шпинат жалбырагын пайдаланыңыз. Бул өлчөм сиздин организмди 1 грамм глютаминге, 65 грамм калорияга, 8 г протеинге 6 грамм клетчаткага, 300 мг кальцийге, 8 грамм темирге, 80 мг С витаминине, 16 мг бета-каротинге жана 35 мг лютеинге байытат.

Машыгуу алдында шпинат жебеңиз, анткени тамак-аш сиңирүүнү жайлатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!