Фитнес этикети

3-Апр. 2018, Шейшемби, 15:40

Азыр арыктайым, ден-соолугума кам көрөм дегендерге жагдай баардык жактан болушунча жасалган.

Фитнести тандаган кыздарга кандай кеңеш бере алабыз?
Машыгуу залында фитнес этикети деген түшүнүк бар.

Негизги эрежелери менен таныштыра кетсек:

1. Кийим

Кыска топ, дене менен дене болуп турган шорты, макияж дегенди унутуңуз. Бул фитнес жарнамага арналган «имидж».
Ал машыгуу залында өзүңүзгө жүгүрүгө, жүрүүгө, ар түрдүү дене машыгууга ыңгайлуу болгон кийим алганыңыз жакшы.
Машыгуу залында тердегендиктен, макияжыңыз агып калат. Чачты да жайып, сулуулануунун кереги жок.

2. Зер буюмдары

Сөйкө, шакек, билерик сыяктуу буюмдарыңызды чечип коюңуз. Шылдыраган үн чыгып элдин тынчын алуудан мурда алар сиздин өзүңүзгө да машыгуу маалында ыңгайсыздык жаратат.

3. Атыр

Машыгуу залына келгенде атыр себинүүнүн кереги жок. Мүмкүн кээ бир жигиттердин көңүлүн бурдурууну каалайт чыгарсыз, бирок машыгуу залында турган жыт көпчүлүктүн кыжырын келтириши мүмкүн.

4. Ылдамдык

Машыгуу каражаттарын узак убакыт бою «басып» албаңыз. Ооба, сиз аны пайдаланууга укуктуңуз, акчасын төлөдүңүз. Бирок башкалардын да машыгаарын унутпаңыз. Анын үстүнө бир каражатта көп убакыт машыгуу зыян.

5. Сүлгү

Машыгуу залына сүлгү алып келүү керек экенин унутпаңыз. Ошондо сизден кийин машыгуучу каражат таза болот. Аталган кеңештерди эсиңизге сактап, өз пайдаңызга ишке ашырыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!