Сулуунун жардамы менен арыктайлы

24-Апр. 2018, Шейшемби, 12:14

Сулуу диетасы арыктоого жакшы жардам берерин билесизби?

Арыктоонун жеңил ыкмаларынын бири: рациондо жалаң гана сулуу боткосу. Аны күнүнө 5 ирет 250 грам өлчөмдө тамактанууңуз керек. Бул диета 5 күнгө арналган. Ал эми анын жардамы менен 5 килограммга чейин арыктооңуз мүмкүн.

Бул диетаны алты айдан кийин гана кайталоого болот. Артык кыламын деп, жаман кылып албаңыз. Бул диета көбүнчө тез арада арыктоо максатын көздөгөндөр үчүн арналган. Мисалы, маанилүү иш-чаранын алдында той, жаңы-жыл жана башка кечеге барарда кармасаңыз болот.

Дагы бир ыкма – жемиш аралашкан сулуу диетасы. Мында жаңы же кургатылган жер-жемиштерди пайдаланууга болот. Сулуу боткосуна алма, киви, өрүк жана мөмөлөрдү кошуңуз.

Ал эми кургатылган жемиштерден: кара өрүк, мейиз, кургатылган өрүк (как).

Өлчөмү тууралуу сөз кылсак анда 250 грамм ботко менен 100 грамм жемиш кошуу керек. Ошону менен бирге 50 грамм жаңгактар менен 2 чай кашык бал кошсо да болот. Бул боткону күнүнө 3 маал жеп туруу кажет.

Бул убакыт аралыгында 100 грамм жемиш жегенди да унутпаңыз. Диетаны 2 жумага чейин кармаса болот. Диета учурунда үзгүлтүксүз 5-10 килограммга чейин кутулушуңуз мүмкүн.

Бардыгы сиздин организмиңизге байланыштуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!