Активдештирилген көмүр арыктоого жардам берет

28-Апр. 2018, Ишемби, 11:02

Толук адамдар өзү келбетин калыбына келтирүү үчүн активдештирилген көмүрдү пайдаланып келишкен экен. Кийин унутулуп калган. Эми мына анын турмушта да, медицинада да пайдалуулугу тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Бул дары азыркы кезде ашказан ооруларына пайдалуу жана арыктоого жардам берген касиети да бар. Аны менен токсикоз, гепатит, уулану, ичеги-карын жолдорунун бузулушун дарылайт. Ошону менен бирге, химиялык дарыларга караганда анын курамы экологиялык жактан таза болуп саналат.

Автивдештирилген көмүр аркылуу арыктоонун түрү бар. Биз сиздерге эки түрүн гана айтып кетмекчибиз.

Биринчиси: автивдештирилген көмүрдү аз-аздан баштап, убакыт өткөн сайын көбөйтүп ичип туруш керек. Эң көп дегенде – салмагыңыздын 10 килограммына 1 таблеткадан ичесиз. Дарыны күнүнө бир жолу гана кабыл алыуу керек, эң жакшысы эртең мененки тамактын алдында ичсеңиз.

Экинчи ыкма: күнүнө 3 жолу 3 дана дарыны тамак алдында 1 саат мурун ичиш керек. Дарыны кабыл алуу убактысы 10 күндөн кем болбош керек. Андан кийин үзүлүш керек, бир жумадан кийин кайра улантууга болот.

Активдештирилген көмүр арыктоого жардамы берет

Активдештирилген көмүр үбөлөнө берет. Ал организмдеги уулу, керексиз заттарды, дары-дарымек калдыктарын, денедеги ашыкча сууну чыгарып, калыптуу жумуш режимин иретке келтирет.

Арыктоого тез жардам берген активдештирилген көмүрдүн звыяндуу жактары бар экенин да эске алган жөн. Аны арыктатуучу каражат эмес, организмди тазалоочу каражат катары кабыл алган оң. Демек, ад денедеги кажетсиз заттар менен кошо, пайдалуу витаминдерди менен микроэлементтерди да чыгарат деген сөз. Ошондуктан организмди тазалоо учурунда кошумча витаминдерди кошо кабыл алуу абзел.

Дагы айта кетчү нерсе, активдештирилген көмүр көп колдонгондон кийин созулмалуу ич катуунун себепкер да болот. Ал денедеги сууну чыгарса, ичеги-карын жолдору заңды жай чыгарат да, кыйынчылыктар жаралат.

Активдештирилген көмүрдү ашыкча салмактан арылуунун жолу деп түшүнгөндөн көрө , арыктоонун башка амалдарына кошумча катары колдонуңуз.

Эскертүү! Кандай жагдай болбосун, көмүр аркылуу арыктоого чечим кабылдагандан мурда, дарыгердин кеңешин алыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!