Тамекини таштагандар эмнеге толуп кетишет?

2-Май 2018, Шаршемби, 11:41

Зыяндуу адаттан арылган адамдар көп учурда ашыкча салмак жыйнай башташат. Эмнеге?

АКШнын окумуштуулары өздөрүнүн жаңы изилдөөлөрүндө чылым чегүү организмге майды жаңылоого жардам берген гендин активдүүлүгүн күчөөрү далилденген. Изилдөө натыйжалары “Chest” журналында жарыяланган.

Көптөгөн адамдар тамеки чегүүнү токтоткондон кийин эмнеге толуп кетээри мурунтан окумуштууларды кызыктырып келген. Буга табиттин ачылышы, ошону менен бирге, адатта никотин тез иштетип жүргөн метаболизмдин деңгээлинин төмөндөшү себепчи болот деп айтылган.

Нью-Йорктогу Корнель университетинин дарыгери Холи Ванни менен анын кесиптештери тамеки чекпегендерге салыштырмалуу чеккендердин дем алуу жолундагы клеткаларда “AZGP1” генинин активдүүлүгү жогору экени аныкташкан. Бул ген майды жаңылоо менен салмакты турукташтырууга байланышкандыктан, тамеки чегүүчүлөрдүн экинчилерине караганда арыктоого болоору жана тамеки чегүүнү токтоткондон кийин ашыкча салмак жыйнагандыгы ушундан болушу мүмкүн.

Изилдөөлөргө таянсак, тамеки чегүү менен салмактын байланышы молекулярдык негизге ээ, тактап айтсак, тамеки чеккен кезде “AZGP1” генинин активдүүлүгү күчөйт. Бул генди чычкандардын майынын өлчөмүн иреттерин көрсөткөн, ошону менен бирге, зыяндуу шишикке учураган жана анын кесепетинен салмак таштаган оорулардын клеткаларында “AZGP1” генинин активдүүлүгү артышы мүмкүн.

Ошентсе да, бул тамеки чегүүдөн баш тартуудан салмак кошуу генетикалык активдүүлүктүн кесепетинен болоорун билдирбейт. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, тамеки чегүү менен салмактын өз ара байланышы өтө татаал жана бул процесске тамактануу менен физикалык активдүүлүк сыяктуу көптөгөн факторлор таасир берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!