Ашыкча оор салматан кантип арылса болот?

26-01-2017

Жаз жакындаган сайын толмоч адамдардын көбү кантип арыктайм деген көйгөйдүн үстүндө сөзсүз ой жүгүртө башташат.

Дүйнөдөгү көптөгөн адамдар ашыкча оор салмактуулуктан арылуу максатында түрдүү ыкмаларды, диеталарды, көнүгүүлөрдү жасап келишет. Бирок жасалган аракеттин баары эле эффективдүү жыйынтык бере бербейт.

Мезгил алмашына байланыштуу деатаны абайлап кармоо керек. Анткени иммунинтетке кыйынчылык келет, анткени бүтүндөй кышы бою ден соолугубузга сакчы болсо, эми ал колдоого муктаж. Азыртан ага кам көрбөсө, кийин түрдүү өнөкөн ооруларга жана жазгы сасык тумоого кабылып калуу коркунучу туулат.

Иммунитетти бекемдөө үчүн

Иммунитетти күчтөндүрүү үчүн диетологдор организмди оорлоткон майлуу тамактардан баш тартууну сунушташат. Кайрадан иштетилип чыккан, консерваланган, жарым-жартылай даярдалган азыктарды тамактануу рациондон алып таштоо зарыл.

Бифидо жана лактобактериялар, сүт азыктарынын курамында кездешет. Булар иммунитеттин “тынч уктоосуна” жолтоо кылат.

Көбүрөөк жашылча-жемиштер жана дан азыктары менен тамактаныңыздар. Эгерде тропика жемиштерин жактырбасаңыз анда рационго сабиз, кызылча, капуста жана алма менен толуктасаңыз. Ар дайым жана аз-аздан семечка, жаңгактарды (куурулбаган) жегенге болот.

Иммунитетти бекемдөөдөгү эң чоң жардамчы бул - С витамини. Аны көбүнчө жазгы маалда туздалган капустадан, цитрус жемиштеринен жана ит мурундун курамынан кездешетирүүгө болот. Ошондой эле С витамини улгаюунун белгилери менен күрөшүүдө да жардам берет.

Мезгил алмашуусунда дагы бир маанилүү ролду ойногон микроэлнменттер- цинк жана селен.

Цинк-күнжүт, кешью, жер жаңгак, шампиньон, ашкабактын данеги, ит мурун, буурчак, түрптө кездешет. Ал эми селенди үндүк, уй, тоок, өрдөктүн боору, күрүч, жүгөрү, деңиз азыктары (креветка, краб, мидия), козу карындын курамынан табууга болот.

Баардык диетада

1.Нан, спирт ичимдиктери, газдалган суусундуктар, шоколад жана башка майлуу тамактарды унутуу керек.

Таттуу жана ун азыктарынан сырткары туздуу, ачуу, маринаддалган жана куурулган тамактар табитти ачып жегиңизди келтирет.

2. Көбүрөөк суу ичүү зарыл

3. Катуу кармалган диетада мээ азыраак иштеп калат, ошого байланыштуу рационго бышырылган картошка, козу карын, өсүмдүк майы, балык, жаңгак жана семечканы киргизүүгө болот.

4. Керемет жагдай ар дайым эле болушу мүмкүн эмес, ташталган ашыкча салмак кайра кайтып келүүсү ыктамал. Диета кармагандан кийин салмакты бир калыпта кармап калуу үчүн үзгүлтүксүз көнүгүүлөр жана рационалдуу тамактануу гана жардам берет.

Үзгүлтүккө учураган диета

Эгерде кандайдыр бир учурда диета үзгүлтүккө учураса кайгырбаңыз. Келерки күнү таң эрте ачкарын, иче алышыңызча ысык суу ичиңиз. Кундүз суудан, ширелерден жана сууга бышырылган тамактардан башка эч нерсе жебегенге аркет кылыңыз. Эртеси кайрадан кармап келген диетаңызды улантып кетсеңиз болот.

Жазгы диета

Диета 14 күнгө эсептелген, натыйжасында 7 киллограмга арыктоого, ашыкча шлактардан арылууга жол ачат. Күнүгө бир литр майлуу эмес айран ичүүгө, таттуу эмес чай жана азыраак суу ичүүгө болот. Каалаган жемиштерден туздалбаган салат даярдап жеңиз.

Ар күнү эртен мененки тамактануудан 30 мүнөт мурун бир станкан сууга бир нече тамчы лимон ширесин кошуп ичип алыңыз. Бул ачка кылбай ток кармап азыраак тамактанууга жардам берет. Жазгы тамакты жемиш салаты менен баштап, түшкү жана кечки тамактануудан кийин зайтун майы жана лимон ширеси кошулган жер жемиш салатын жеп кармоо жакшы жыйынтык берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!