Тез жана натыйжалуу диеталар

31-Март 2017, Жума

Көптөгөн диеталардын ичинен тез убакыттын ичинде натыйжалуу жардам берүүчүлөрү да кездешет. Алар беш күнгө бөлүнөт. Мындай диетаны кармоодо тамак-аштар кыскартылып, кечки тамак такыр эле алынып салынат. Мисалы, кефир, шире же мөмө-жемиштерден турушу ыктымал. Экспресс диетанын менюсу төмөндөгүчө болот:

  • Таңкы аш: сууга бышкан жумуртка, шекерсиз чай;
  • Түшкү тамак саат 12ге чейинки майлуулугу аз быштак айран менен.
  • Түшкү тамак бууга бышкан балык -150г, жер-жемиш салаты лимон ширеси кошулган, майы жок жана мөмө жемиштер;
  • Кечкисин шекерсиз чай

Дагы бир натыйжалуу жана бат арыктоо үчүн орозо күндөрү деп аталган түрү да бар. Үч күндүк орозо күндө 4 килограммга чейин арыктоого болот. Биринчи күн- диетаны баштоо; экинчи күн-ачкачылык, үчүнчү күн-диетаны токтотуучу күн. Рацион төмөнкүчө түзүлөт: ачкачылыкка даярдануу, майлуу жана углеводдон баш тартуу кажет. Эртең менен көк чай гана ичип, түшкү тамакка мөмө-жемиштерди жана жер жемиштерди чийки түрүндө, салатты зайтун майына гана аралаштырып тузу жок жеш керек. Кечки аштан баш тартып саат 7 ден кийин суу жана көк чай шекери жок ичүү зарыл. Экинчи күнү 3-4 литр суу гана ичип ачка бойдон жүрүү кажет. Ал эми үчүнчү күнү акырындап диетадан чыга баштаса болот. Бул күнү биринчи кунү жеген азыктарды жей берүүгө болот. Андан соң майлуу эмес белоктуу тамак-аштарды кошо баштайсыз да нормалдуу тамактануу режимине өтөсүз.

Ошондой эле жалаң картошка күндөрүн түзсөңуз болот. Бир жума бою сууга бышкан картошканы эч кандай татымалдарды кошпой жейсиз. Мындай ыкманын жардамы менен 2-3 килограммга арыктаса болот.

Мындан сырткары банан жана сүттөн турган диета түрү да бар. Ал беш күнгө созулуп, 3 килограммга арыктоого жардам берет. Бул диета үчүн күн сайын эки банан жана үч стакан сүт ичүү керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!