Арыктагысы келген кыздарга 10 кеңеш

Арыктагысы келген кыздарга 10 кеңеш
22-Июнь 2018, Жума, 10:38

1. Эч качан ачка жүргөнгө жана саат алтыдан кийин тамак жебей коюуга болбойт.

2. Өзүңүздү жакшы көрүңүз. Дене мүчөңүздү сулуу болгонун каалаган мотиватор (мисалы, сүйгөн адамыңыз эмнеге ашык болгонун) таап алыңыз. Эгер психологиялык жактан арыктоого чечим кабыл алган болсоңуз, колуңуздан баары келет.

3. Ар бир 4 саат сайын бөлүп-бөлүп, күнүнө 800 ккал тамак жеңиз.

4. Уюлдук телефонуңузга калорияны эсептөөчү калькулятор орнотуп алыңыз. Андай кошумча Интернеттен оңой табасыз. Бул эсептегич күнүнө ичип-жегениңизди эсептеп турууга жардам берет.

5. Кем дегенде 40 мүнөт жөө басыңыз.

6. Таттууну тыя албасаңыз да, аз колдонууга аракет кылыңыз. Кант, бал, карамель жегенге болот.

7. Күнүнө аз дегенде 2 литр суу ичиңиз.

8. Арыктоо учурунда териңизди күтүңүз, бул өтө маанилүү.

9. Ашыкча салмактан арылуу учурунда алкоголь ичүүгө таптакыр болбойт. Анткени, боор организмден майдын чыгышын камсыз кылса, алкоголь боордун жумушун токтотот.

10. Өзүңүздү, денеңизди жакшы көрсөңүз, бул-жаныңыздын мекени. Сиз жаныңызды көрксүз абалда кармагыңыз келбейт чыгаар?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!