Канчалык көп жесең да салмак кошпогон азыктар

1-Апр. 2017, Ишемби

Канчалык көп жесеңиз да ашыкча салмак кошпогон азыктар бар. Майлуулугу аз болсо да клетчаткага бай келген азыктар сиздин фигураңызга зыян алып келбейт.

Белгилей кетүүчү нерсе - сиз жалаң гана ушул азыктар менен азыктаныңыз дебейбиз. Албетте, биздин диета салмактуу болуусу керек, ал өзүнө белокторду да, майларды да камтыш керек. Бирок, бул азыктар адамды ток кылып, дене келишимдүүлүгү үчүн көп күч-аракет жумшабайт.

Попкорн

Эгерде попкорнду майсыз жана шекерсиз (бир аз туз кошуп) жасаса ал дене мүчөңүзгө зыян алып келбейт. Попкорндун калориялуулугу 31 ккалды гана түзөт.

Сельдерей

Сельдерейдин бутактары 95 % суудан турат. Ал ашыкча салмактан арылууга жана заара аркылуу организмди шлактардан тазалайт.

Баклажан

Бышырылган баклажан менен коркпой эле тамактасаңыз болот. Грилде май кошулбастан бышырылган баклажан 24 ккалды түзөт.

Апельсин, грейпфрут жана мандарин

Ашыкча салмак кошуп албаш үчүн көп сандагы мөө-жемиштерди жегенге болбойт дешет. Бирок цитрус өсүмдүктөрү булардын катарына кирбейт. Алар клетчаткага бай келет. Ал тамак сиңирүү системасына оң таасир берип, табигый салмак жоготууга өбөлгө түзөт. Анын курамындагы флавоноид наринген салмак кошпойт жана ашыкча майларды иштеп чыгуу үчүн боорго жардам берет. С витамини теринин табигый коллаген калыптануусуна жардам берип, ал ийкемдүүлүгүнө да оң таасирин тийгизип, ошондой эле целлюлиттин пайда болушуна бөгөт коёт.

Дарбыз жана коон

Болгону 60–70 ккал болгон жемиштерди (коондо бир аз көбүрөөк) аздап эмес, күн боюу жесе болот. Дарбыз жана коон организмден шлактарды чыгарып, суусунду кандырат.

Деңиз өсүмдүктөрү

Деңиз өсүмдүктөрү (ламинария жана башкалар) — йодго бай келип, калкан бездеринин иштөөсүн жакшыртат. Гормондор тартиби өз ордунда болуп, салмак демейдегидей калыбында кала берет.

Кабачки

Цукини кабачогунун порциясында 42 ккал болот. Ал организмдеги суюктук менен туздуу щелочтордун балансын нормалдаштырат. Бул арыктоону каалагандар үчүн негизги фактор болуп саналат. Кабачкилер ичегинин перисталикасына жакшы жардам берет. Себеби анда клетчатка менен суу көп. Мындан сырткары кабачкилердин жардамы менен экинчи тамактардын калориялуулугун азайтса болот.

Бадыраң

Арыктоону каалагандар үчүн алмашкыс азык. Ал шишиктин пайда болуусу менен күрөшүп, ден соолугуңузга зыян тийгизбестен арыктоого жардам берет.

Кызылча

Кызылча көптөгөн микроэлементтердин булагы болуп саналат. Андагы марганец майларды ээритип, булчуңдардын иштөөсүн жакшыртып, кандагы шекердин өлчөмүн туруктуу абалда кармап турат. Аны бышырып алып салаттарга кошуп, чийки жана сууга бышырылган түрүндө ширесин ичкен жакшы. Орточо эсеп менен курамында 40 ккал бар.

Жумуртка

Жумуртканы каалаган убакта, ачка болгон маалда да жесе болот. Ал бир грамм да салмак кошпойт. Албетте майга кууруганга караганда сууга бышырылган түрүн тандаңыз.

Ананас

Ашыкча салмактан арылгысы келгендердин алмашкыс досуна айланган мөмө жемиш. Анын курамындагы бромелайн майларды активдүү ээритип, белокторду сиңирүүдө жардам берет.

Алма менен кара өрүк

Бир алмада 50 ккал бар, ал ашказанды ток кармап, ичеги карындын иштөөсүнө оң таасир берет. Ал эми кара өрүк С витаминине бай келгендиктен жүрөк жана кан тамырлардын сактыгын камсыз кылат.

Кочан капустасы, брокколи, түстүү капуста

Капустанын баардык түрү- келбеттүүлөрдүн союздаштары. Бир порция кочан капустасында 7 ккал кездешет. Ошол эле убакта андан түрлүү тамак-аштарды жасаса болот. Албетте бир күндө үч жолу тең капуста жей бербөө керек. Анткени анын курамындагы заттар йодду кабылдоодо конкурент болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!