Жайдын ысык күндөрү өтө майлуу, калориялуу тамактарга табитибиз тартпайт эмеспи. Ошон үчүн адам организми түрдүү мөмө-жемиштерди жана алардын сокторун талап кылат. Айымдар бул учурдан пайдаланып, аз тамак жеп, көп суу ичип бир аз болсо да өздөрүн бирдей калыпка салууга аракеттенет. Ал эми диетологдордун кеңеши боюнча: жалаң гана жашылча, мөмө-жемиштерди колдонуу туура эместигин айтып келет. Демек, ортодо рационго майлуу калориясы күчтүү тамактарды да кошуп туруу абзел.
Сиздин күнүмдүк рационуңузду: түрдүү мөмө-жемиштер, жашылчалар түзүш керек. Мына ошондо гана сиз организмиңизге керектүү бай витаминдерди ала аласыз. Башкача айтканда денеңизге ашыкча салмак кошпой, атеросклероз оорусун алдын алат.
Өзүңүзгө мөмө-жемиштерден турган бир жумалык рецепт түзүп алыңыз. Мисалы, бир күнү алма, экинчи күнү дарбыз, үчүнчү күнгө бадыраң, сабиз ж.б.д.у.с.
АКШнын Кентукки университетинин окумуштууларынын изилдөөсү боюнча: дарбыз организмге абдан пайдалуу. Ал айрыкча ашыкча салмактан арылтат. Дарбыз жеген адам күнү бою сергек болуп, энергияга бай болот.
Жашылча жемиштерге өсүмдүк майын, сырды көп өлчөмдө кошуп жесеңиз тамак-сиңирүүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Ошондуктан диетологдор тамак-сиңирүүдө маселеңиз жаралса анда жашылча жемиштерди кайнатып колдонууну кеңеш берет.
Ал эми жүрөк кан тамыр оорулары менен жабыркагандардын рационунда: коон, жүзүм, дарбыз, ашкабак, клубника, ит мурун болгону пайдалуу.