Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?

Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?
24-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 10:39

Эртең мененки тамакты кеч, ал эми кечки тамакты эрте ичкен ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Бул тууралуу Улуу Британиянын Скррей университетинин окумуштуулары маалымдашты.

Тажрыйбага 29-57 жаш аралыгындагы 16 адам катышкан. Алар тамактануу салтын карманып, өздөрүнө катуу чектөө коюшкан эмес. Ал эми катышуучулардын 9у эртең мененки тамакты башкалардан 1,5 саатка кеч, кечки тамакты 1,5 саатка эрте ичишкен.

Натыйжасында тамактануу убакытын өзгөрткөн адамдар салттуу убак боюнча тамактангандарга караганда 2 эсе ашыкча салмак ташташкан. Ошону менен бирге алгачкы топтогулар табитинин төмөндөп, күнү бою тишке басарды аз жешкендерин айтышкан.

«Бул катышуучулардан байкагандай, мындай тамактануу тартиби үй-бүлөлүк жана коомдук жашоо менен шайкеш келе бербеши мүмкүн. Бирок ага карабастан аракет кылып, умтулуу керек. Себеби мындай тамактануунун пайдасы мол экени анык», – дейт доктор Джонатан Джонстон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!