Диета менен спорт залсыз ич тартуунун жөнөкөй 7 ыкмасы

Диета менен спорт залсыз ич тартуунун жөнөкөй 7 ыкмасы
27-Сен. 2018, Бейшемби, 11:17

Өз дене мүчөсүн тартымдуу кылгысы келген кыз-келиндер фитнес залдарда машыгып келишет. Ал эми кээ бири туура тамактануу эрежесин карманышат. Бул эки ыкма тең туура. Бирок фитнеске барууга, туура тамактанууга же убактысы, же акчасы жоктор да кездешет. Биз аларга арналган ич тартуунун жөнөкөй 7 ыкмасын сунуштамакчыбыз. Бул лайфхакер ичти сиз каалагандай деңгээлге жеткирерине ишенебиз.

Денени тик кармап жүрүңүз

Эсиңизге түшкөн кезде ийинди түз кармап, ичиңизди тартыңыз. Мындай жасай албасаңыз же унутуп кала турган болсоңуз денеге арналган корректор катып алыңыз (дарыканаларда сатылат), же болбосо медициналык гаджет жардамга келет.

Биз чынында денебизди тик кармоонун канчалык пайдасы бар экенин биле бербейбиз, ал боюңузду узун көрсөтүп, көкүрөгүңүздүн формасын келтирип, ичти тегиз көрсөтөт. Эки-үч жумадан кийин ичиңиздин тартылганын көрө аласыз.

Көп суу ичиңиз

Күнүнө 8 стакан суу ичүү керек экенин баарбыз жакшы билебиз. Илимий далил боюнча, суу жетишпесе организм катмарлана баштайт. Ошол сыяктуу ичте да ушундай процесс жүрөт. Мындай себептер колу-буттун шишишине да алып келет. Ал эми пресс болгон ичте бул нерсе байкалбайт. Бул кубана турган абал эмес, себеби ал ичиңизге таасир берип, аны шишик кылып жиберет.

Дааратканага барып туруңуз

Бул ичти тартуунун маанилүү элементи деп билиңиз. Организмибиз өтө чыдамкай болгондуктан, заара чыгарууну акыркы маалда гана эскертүүсү мүмкүн. Ал эми ага чейин заара көбүктөрү чоңоё берет, бул ичтин чоңоюсуна алып келет. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, күнүнө 5-7 ирет дааратканага барыш керек.

Тамакты шашпай чайнаңыз

Тамакты шашпай чайнасаңыз, ал сиздин ашказаныңызда аз орун алат. Бул сиздин ичиңиздин ашыкча чоюлугуна жол бербейт.

Мурдуңуз менен деп алыңыз

Чындыгында таң калычтуу кеңеш болушу мүмкүн, бирок пайдалуу. Ооз менен дем алуу аркылуу биз абаны көбүрөөк жутабыз, ал курсактын чоюлушуна алып келет. Ошол сыяктуу тамактангандан кийин, сагыз чайноо да туура эмес. Анын ордуна демиңизди тазартуучу спрей же муз конфеттерин колдонуңуз.

Гормондорду бир калыпта кармоо керек

Аялдар гормону экстрогендин тең салмакта болбой, өзгөрүлүп турушу ашыкча майлардын, анын ичинде курсак майларынын көбөйүүсүнө алып келет. Ал үчүн дарыгерге кайрылып, гормондоруңузду бир текшерип алууга кеңеш беребиз.

Чалкалап жатыныз

Аркаңыз менен жатып, бутуңуздун алдына жаздык коюп, көтөрүп, коюңуз, ал эми бел тушка оролгон сүлгү салып коюңуз. Бул учурда ичиңиз ичти көздөй тартылат. Ушундайча күнүнө 20 мүнөттөн жатсаңыз, сиздин ичиңиздин булчуң эттери ушуга көнүп калат. Мындай жатуу япондуктар үчүн адатка айланган, керек болсо алар бул гимнастиканы денени тик кармап жүрүүнүн башкы шарты дешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!