Кечкисин тамак ичүү ден-соолукка зыян

Кечкисин тамак ичүү ден-соолукка зыян
27-Ноя. 2018, Шейшемби, 10:58

Америкалык окумуштуулар кечкисин тамак ичүү жүрөк, кан-тамыр оорулары менен диабетке чалдыктырат дейт. Себеби адамдын билогиялык ритми бузулат.

Адистер 17-76 жаш аралыгындагы 12,7 миң адамга изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөө учурунда кечки алтыдан кийин көп тамак ичкен адамдардын канында кант менен инсулин көп болуп чыккан. Ошондой эле, кечкисин көп тамактануу зат алмашууну кыйындатып, өнөкөт оорулардын пайда болушун алып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!