Компьютер алдында тамактанууга эмнеге болбойт?

Компьютер алдында тамактанууга эмнеге болбойт?
7-Дек. 2018, Жума, 15:31

Киевдик Адам экологиясы институтунун окумуштуулары бардык электрондук түзүмдөр ар бир тамактын курамындагы суюктукту өзгөртүүчү нурларды бөлүп чыгарарын далилдешти.

Тажрыйба учурунда институт кызматкерлери жумуш иштеп турган компьютер менен уюлдук телефон турган бөлмөгө суу куюлган идишти коюп коюшкан. Бир аз убакыттан кийин суюктукка молекулалык анализ жасалган.

«Суунун түзүлүшүндөгү молекулалар электромагниттик талаанын таасиринен улам өзгөрүү болгонун көрдүк», - дейт профессор Михаил Курик.

Эгер жумуш ордуңузда анда-санда тамактанып турсаңыз андан эч кандай зыян жок. Ал эми эгер монитор алдында күндө бир нерсе ичип-жеп жатсаңыз анын арты түрдүү зыяндуу ооруларга алып келиши мүмкүн.

Ошол үчүн тамакты түрдүү заманбап технологиялардын жанында кармоого болбойт. Аны жалаң гана жээрдин алдында сумкаңыздан чыгарыңыз. Эң жакшысы компьютер алдынан туруп, алыс жерде тамактаныңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!