Диетасыз арыктоонун ыкмасы

Диетасыз арыктоонун ыкмасы
11-Дек. 2018, Шейшемби, 13:22

Австралиялык диетолог Джессика Сепель кенен таанымалдуулукка ээ аз калориялуу тамак-аштарды сунуштады. Бул тууралуу “Daily Mail” басылмасы билдирет.

Биринчиден, Сепель пиццанын капуста менен алмаштырууга кеңеш берди. Экинчиден, ундан жасалган тамактардын ордуна цукинини ичке кылып туурап жана буурчак, киноа, фасоль, күрүчтөн жасалган макарон сатып алууну сунуштады.

Сепелдин айтуусу боюнча, какао кошулган бадам сүтү ысык шоколаддын ордун алмаштыра алат жана «уктаар алдында ичсе табылгыс суусундук» болуп саналат.

Ошону менен катар диетолог балмуздактын рецебин сунуштады. Аны даярдоо үчүн банан, бадам сүтү, бир аз деңиз тузу, корица менен сиропту блендердин жардамы менен аралаштыруу керек.

Ошондой эле, Сепель арыктоо учурунда кытырак картошканы дүкөндөн сатып алгандан көрө, үйдө даярдаган оң экенин айтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР