Антибиотиктер ашыкча салмакка алып келеби?

Антибиотиктер ашыкча салмакка алып келеби?
18-Дек. 2018, Шейшемби, 11:41

Окумуштуулар антибиотиктерди колдонуу адамдын салмагына таасир берет деген кортундуга келишти.

Бүгүнкү күндө окумуштуулар антибиотиктерди балдарга эрте жаштан баштап бере турган болсо алдыңкы убакта анын кесепетинен салмак кошорун далилдешти. Изилдөөдө антибиотиктер ичеги-карын жолдорундагы бактериялардын курамына терс таасир берип, организмдин өсүүсүн өзгөртөрү аныкталган.

Бул гипотезаны такташ үчүн Мартин Бласер баштаган микробиологдордун тобу жаңы туулган чычкандардын ичкен сууларына антибиотиктерди кошуп беришкен. Антибиотиктерди ичкен чычкандар менен күндө кара суу менен баккан чычкандарды 7 жума өткөндөн кийин салыштырганда алар салмак кошкондугу аныкталган.

Бирок, чычкандардын ичеги жолдорундагы бактериялардын саны ошол бойдон калган. Болгону алардын түзүлүшү гана өзгөргөн. Антибиотиктерди колдонуунун натыйжасында организмде каллорияны көбөйтүүчү “Firmicutes” тобундагы бактериялардын саны көбөйгөн.

Чычкандарга жасалган тажрыйба адамдарга кандай таасир этерин аныктоо максатына Бластер 1991-1992-жылдары Улуу Британияда төрөлгөн 11 миң баланы изилдеген. Төрөлгөндөн тартып антибиотик берилген балдардын салмагы кадимки балдардан 10, 20 жана 38 айлыгында салмактары оор болгон.

Бирок, Потсдамдын Тамактануу институтунун микробиологу Майкл Блаут бул изилдөөнүн натыйжасын ишенимсиздик менен карса, Стэндфорд университеттинин микробиологу Дэвид Релман эксперименттин жыйынтыгына толугу менен кошуларын жарыялады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Коронавирус акылдуу телефондорго дагы таасирин тийгизди
Коронавирус акылдуу телефондорго дагы таасирин тийгизди
Алып баруучу Нурзат Токтосунова хиджаб кийгенин билдирди
Алып баруучу Нурзат Токтосунова хиджаб кийгенин билдирди
Дүйнөдөгү эң чоң учак шамалдан  улам туурасынан конду (видео)
Дүйнөдөгү эң чоң учак шамалдан улам туурасынан конду (видео)
Жунушалиев: Ким гана болбосун күнөөсү далилденсе, жазасын тартат
Жунушалиев: Ким гана болбосун күнөөсү далилденсе, жазасын тартат
Борбор калаанын мектеп жана бала бакчаларында пандустар орнотулат
Борбор калаанын мектеп жана бала бакчаларында пандустар орнотулат
Жумабеков Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барды
Жумабеков Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барды