Диета кармаган кезде керектүү витаминдер

Диета кармаган кезде керектүү витаминдер
26-Янв. 2019, Ишемби, 10:41

Ашыкча салмактан арылуу үчүн адамдардын көпчүлүгү төмөн калориялуу диеталарды карманышат. Ал эми кээде адамдар ушундай диеталарга көнүп алып, ден-соолугуна зыян келтиришет.

Тамактын үлүшүн азайтуу, таттуу менен майлуудан баш тартуу эч кимге зыян келтирген эмес. Бирок тез натыйжага жетиш үчүн керектүү азык-түлүктөрдөн да (мисалы, белоктон) баш тартып жаткандар да бар. Организмде зат алмашуунун иретке коюп, терини калыбына келтирип жана клеткаларды жаңылап туруш үчүн жакшы тамактануу керек. Өзгөчө, түрдүү витаминдер жашоого маанилүү процестердин орундалуусун камсыз кылат. Эмессе, диета кармаганда организмге кандай витаминдер керек?

Пайдалуу заттардын жоктугун же аздыгын так белгилер аркылуу аныктаса болот. А витамини жетишпесе, булчуң эттер алсырап, тери соолуй баштайт. Ошону менен катар, А витамини көздүн жакшы көрүүсүнө да кажет.

Организмде Е витамини аз болсо, майлар ылдам кычкылданып, зат алмашуу бузулат.

В витамини, өзгөчө аялдардын организмине өтө керек.

С витамини диета кармабаган адамдардын өзүндө аз болот. Бул витамин жетишпесе, тери кургап, стресске кабылып, тиш канап, чач түшөт.

Кээ бир витаминдерди организм керектүү өлчөмдө синтез жасайт.

D витамини күндүн таасиринен теринин алдында жыйналат. Ал үчүн күндүн астына күнүнө бир нече мүнөт тургандын өзү жетиштүү.

Дени сак ичеги флорасы зат алмашуга активдүү катышкан H витамини жана сөөк тканы менен тамырларын өз калыбында кармаган К витамини.

Ал эми А, Е, С жана В тобунун витаминдери өз алдынча синтез жасай алышпайт. Ошондуктан бул витаминдердин катарын тамактан алып туруу кажет. Толук эмес тамактанууда же диета кезинде бул витаминдерди алуу мүмкүн эмес болуп калат. Эгер, ден-соолугуңузду сактаңыз келсе, диета кармаган кезде ушул витаминдер бар тамак-аш менен тамактанууну унутпаңыз же дарыгердин кеңеши менен витамин препаттарын колдонуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча  милдеттерди биргелешип чече алабыз
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча милдеттерди биргелешип чече алабыз
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту