Эгерде сиз ден соолугуңузга зыян келтирбей арыктагыңыз келсе, майлуу, таттуу, ундан жасалган даамдарды колдонуудан алыс болуңуз.

Ошол эле учурда түрдүү көнүгүүлөрдү жасап, жөө басууну адатка айлантыңыз. Тамакты ар бир 2-3 саат сайын жеген жакшы. Сууну көп ичкенди унутпаңыз! Тамактанган соң, дароо жатып албаңыз.

Кечки тамакты уктаар алдында 3-4 саат мурун ичкен жакшы. Бул ыкма ден соолугуңузга да пайдалуу жана семирип кетүүнүн алдын алат.

Албетте, төмөнкү кеңештер дароо натыйжасын бербеши мүмкүн. А бирок убакыттын өтүшү менен жеңилдеп калганыңызды байкай аласыз.