Ашыкча салмактан япондордун диетасы арылтабы?

Ашыкча салмактан япондордун диетасы арылтабы?
17-Окт. 2019, Бейшемби, 10:25

Япондордун диетасы абдан эффективдүү жана пайдалуу. Бул диетаны сиз 14 күн кармап, ашыкча сегиз килограмм салмактан арыла аласыз. Мында негизинен калориясы төмөн азыктар колдонулат.

1-күн

Таңкы тамакка шекери жок кофе

Түшкү тамакка эки даана сууга бышырылган жумуртка жана капустадан жасалган салат

Кечки тамакка 200 грамм сууга бышырылган балык

2-күн

Таңкы тамактанууга бир тилим буудай нан жана шекери жок кофе

Түшкү тамактанууга 200 грамм сууга бышырылган балык

Кечки тамакка 100 грамм сууга бышырылган уйдун эти жана бир стакан кефир

3-күн

Таңкы тамакка бир тилим ак буудай наны жана көк чай

Түшкү тамакка майга куурулуп бышырылган боклажан

Кечки тамакка 200 грамм сууга бышырылган уйдун эти, капуста салаты жана эки даана жумуртка

4-күн

Таңкы тамакка бир даана сабиз жана лимон шиерси

Түшкү тамакка 200 грамм балык жана бир стакан томаттын согу

Кечки тамакка өзүңүз каалаган жемишти жесеңиз болот

5-күн

Таңкы тамакка көк чай

Түшкү тамакка 200 грамм сууга бышырылган балык

Кечки тамактанууга 200 грамм мөмө-жемиш, эки сууга бышырылган жумуртка жана бир стакан кефир.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!