Кандай даамдар бат салмак кошконго себеп болот?

Кандай даамдар бат салмак кошконго себеп болот?
22-Окт. 2019, Шейшемби, 10:14

Ашыкча салмактан натыйжалуу арылгыңыз келеби? Анда төмөнкү эрежелерге көңүл бөлүңүз.

Тамак-ашка нан кошуп жегенден алыс болуңуз

Ашыкча салмактуулук көпчүлүк учурда ашыкча нан азыгын колдонгондон улам пайда болот. Анткени алар абдан калориялуу. Ошондуктан эксперттер колдон келсе, күнүмдүк тамак-ашта нанды азайтууну сунуш кылат.

Кант менен чай ичүү

Ден соолугуңуздун коопсуздугу үчүн, күнүнө эки же үч чай кашыктан ашык кант колдонбой эле койгонуңуз дурус. Адатта өзүңүздү байкап көрүңүз. Ошого карап канттын өлчөмүн азайтуу керек.

Салатка майонез кошуу

Салаттын курамындагы пайдалуу витаминдерди эмне жоёт? Албетте, ага кошулган ар кандай кошулмалар. Ошондуктан колдон келсе, салатка эч кандай кошулмаларды кошпой эле, табигый түрүндө колдонгон жакшы.

Майга куурулуп бышкан тамак-аштар

Адистер майга куурулуп бышкан тамак-аш өз баалулугун жоготуп келгендигин ар дайым айтып келишет. Колуңуздан келсе, бууга жана сууга бышырылган тамак-аштарды колдонгон алда канча пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!