Курсак чыга баштаса

4-Июль 2017, Шейшемби

Кыздар кичине толуп баштаса курсагына, белине же капталдарына май жыйналып чыга баштайт. Албетте ашыкча салмактан арылгыбыз келип, тамакты аздан ичип, эртең менен машыгууларды жасап, көбүрөөк кыймылдоого тырышабыз. Бирок, мунун баары ээктин, беттин, жана колдун гана арыктоосуна алып келип, калгандары өз ордунда кала берет. тагыраак айтканда бул ыкмалар жеткиликтүү эмес. Демек, бул үчүн төмөндөгү машыгууларды жасап көргөнүңүз жөн.

1. Эки колду алыдыга созуп, тизелеп туруп, биринчи сол жакка, андан соң оң жакка кезеги менен отуруу керек. Машыгуу он жолу кайталанат.

2. Эки бутту бири-бирине алыс коюп, эки колду жогору көтөргөн бойдон колдогу оор китепти бир туруп оң бутка, бир туруп сол бутка тийгизип кітапты біресе оң аяққа, біресе сол аяққа жарым тегерек жасоо кажет. Ар бир машыгуу беш ирээттен кайталанат.

3. Тизелеп отуруп сол бутту сол жакка карай созуп, сол колду созгон буттун тизесине коюп, аны колду баштан жогору көтөрүп, сол колго тийгизүү керек. Көөдөн кол созгон жакка карай эңкейат, көтөргөн колду тизеге койгон колго тийгизүүгө тырышыңыз. Экинчи жакка дал ушул кыймыл жасалат. Машыгууну он жолу кайталайсыз.

4. Эми колду баштан ашырып созуп, чалкалап жатуу зарыл. Анда эки кол менен бутту созулган боюнча бири-бирине тийгизесиз. Кайра калыбына келип, дагы бир аз улантып он жолу жасайсыз.

5. Оң кол менен сол бут бирде алдыга карай созулат. Экөө менен тегерек жасап, арты көздөй серпип, кайра калыбына келтиресиз. Андан кийин оң бут менен сол кол аркылуу жасап бул жолу да он жолу машыгасыз.

6. Эки колду денеге тийгизип, кармап чалкалап жатасыз. Созулган бутту жогору көтөрүп, алгач солдон оңго, андан кийин оңдон солго карай кичинекей отургучтан ашырып тегерек жасап бурайсыз. Бутта акырыгндап түшүрөсүз. Бутту көтөргөн маалда демди ичке тартып, бутту түшүргөн кезде демди чыгарасыз. Бул машыгууда он жолу кайталанат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!