Организмди күрүч менен тазалоо ыкмасы

6-Июль 2017, Бейшемби

Көпчүлүгүбүз тамакты ылгабай жей берип, организмибизге зыяндуу заттар жыйналып, көптөгөн оорулардын пайда болушуна себепчи болот. Организмдеги топтолгон зыяндуу заттар зат алмашууну жабыркоого дуушар кылат. Анын айынан адам өзүн начар сезип, жумушка болгон жөндөмдүүлүгү төмөндөп, уйкусуздукка кабылып, иммунитети түшүп, кыскасы бир топ көйгөй жаратат. Андыктан маал- маалы менен организмди зыяндуу заттардан тазалап туруу керек. Организмди тазалоого багытталган абдан көп ыкмалар бар. Алардын ичинен натыйжалуулугу менен көбүрөөк колдонулганы күрүч менен тазалоо ыкмасы. Ал ашыкча туздарды ээритип организмди абдан жакшы тазалайт.

Туздардан арылуу
Күрүчтүн жардамы менен организмдин ар кайсы жеринде топтолуп калган зыяндуу заттарды жана туздарды кетире алассыз. Айрыкча, муундар, кан тамырлар жана дене торчолору абдан жакшы талазанат. Тазалоого эки ай убакыт сарпталат жана жылына бир эле жолу колдонулат.

3 килограмм күрүчтү тазалап, жууп 8-10 литрлик мискейге саласыз. Аны 7 күн муздак сууну агызып 25 мүнөткө жууп турасыз. Андан кийин күн сайын эртең менен ачкарын эки аш кашык күрүчтү сууга бышырып (тузсуз), жылуу кезинде жейсиз. Андан кийин 4 саат эч кандай тамак кабыл албайсыз. Суу да ичилбейт. Жыйынтык жакшы болуш үчүн эртең менен күрүчтү бышырып жээрдин алдында бир саат мурун эки даана көк алма жеп койсоңуз да болот. Албетте, күрүч менен тамактанган соң, ачкалык пайда болот. Чыдамдуу болуңуз. Ачкачылыкты ээрип жаткан туздар, зыяндуу заттар чакырат.

Бул диетаны кармап жаткан учурда туздуу тамактардын бардыгынан баш тартуу керек. Ышталган эттер, туздалган бадырың, ачуу татымал кошулган тамактар, майлуу тамактар, спирт ичимдиги жана туздун өзүнөн. Диета кармагандан кийин 25-30 күндөн кийин зыяндуу заттардын, туздардын ээрип, заара аркылуу чыга баштаганын сезесиз. Заара күңүрт түстө болот.

Диетаны кармаган күндөн баштап 3 апта өткөндө, кыйынчылыктар жаралат. Алсыздык, баш айлануу болот. Анткени, туздардан тазаланып жаткан организмден калий заты да кошо тазаланат. Андыктан курамында калий заты бар азыктарды көбүрөөк пайдаланыңыз. Таруу боткосунда, картошкада, курагада, мейизде болот.

Ошондой эле, калина менен бал кошуп чай ичиңиз.

Жаш куракка жараша профилактикалык тазалоо
Күрүч менен кармалган диетанын профилактикасы ден- соолуктун абалына жана жаш куракка карата кармалат. Эртең менен күрүч бышырып жегенде жашыңыз канча болсо, ошончо аш кашык күрүч саласыз. Күрүчтү даярдоодо жогоруда туздардан арылууга колдонуу үчүн даярдалган ыкманы колдонсоңуз болот. Ден- соолук мыкты болсо бул профилактиканы 2 апта кармап койсо болот.

Арыктоо үчүн
Бул ыкма натыйжалуулугу менен атактуу, анткени көптөгөн шоу дүйнөсүндөгү жылдыздардын колдонгон диетасы. Колдонуу ыкмасы да абдан жөнөкөй, болгону сабырдуу болуш керек. Таза жуулган чийки күрүчтүн данынан канча жашта болсоңуз ошончо алып жейсиз. Суу ичилбейт. 3 сааттан кийин гана жеңил тамактанууга болот. Андан кийин кечки алтыга чейин дагы ошончо даана алып жеп аласыз. 10 күн колдонсо болот. 3- күндөн кийин жеңил эле жутуп каласыз. Бул учурда жогорудагыдай эле, майлуу, куурулган, ачуу тамак- аштан баш тартуу керек. Кечки алтыдан кийин кум шекерсиз чай жана жер- жемиштерди жей берсеңиз болот. Ошондой эле, камыр тамактардан да баш тартсаңыз, жыйынтык жакшы болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!