Ашкабак ширесинин пайдалуу касиеттери

11-Июль 2017, Шейшемби

Ашкабактын ден соолукка пайдалуу касиеттери баардыгына маалым. Жер жемиштер менен жемиштердин ширесинин пайдасы далилдеген, ашкабак ширеси дарылык препаратка тең келет. Анын курамында көп өлчөмдө бето-каротин, ал эми биздин организимибизде ретинолго айланат (А витамини), ошондой эле В, Е, К жана С (аскорбин кычкылы) бар. Аскабак ширесинин минералдык курамында: калий, (мырыш, темир, кальций, магний кездешет. Мындан сырткары ашкабак ширесинде дагы майлар, белоктор жана минерал туздар бар.

Ашкабак ширесинде организмге пайдалуу пектинге бай келет. Ал зат алмашууну жакшыртып, ашказан-ичеги жумуштарын калыбына келтирет. Кандагы холестеринди төмөндөтүп, перифериялык қан айланууну жакшыртат. Пектин биздин организмибизде жыйналып калган токсин, пестициндерден қутулууга жардам берет. Ошондой эле ал боор тазалоодо жакшы курал болуп саналат.

Жүрөк-кан тамыр ооруларында ашкабак ширесинин өзгөчө касиеттери бар. Бул суусундук менен атеросклерозду алдын алууга болот. Ошондой эле магний миокард, булчуң эт талчаларын бекемдеп, кандын курамын жакшыртат.

Ашкабак ширеси ооз нерв системасынын баардык бөлүктөрүнүн функциясын жакшыртат. Көңүлдү көтөрүп, ден соолукту чыңдайт. Уйкусуздук маалында түндө жарым стакан ширеге бал кошуп ичүү керек. Ал тынчтандырып жана чымырканууну азайтып, сизди терең жана тынч уйку менен камсыз кылат.

Ашкабак ширесинин пайдалуу касиеттери майды тез жок кылып, ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Ошондуктан ашыкча салмак кезинде ашкабак ширесин ичкен пайдалуу жана диета кармап жүргөндөргө да жакшы натыйжа берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!