Кантип чуркоо керек?

14-Июль 2017, Жума

Ар бир ишти баштаардан мурда акыл менен киришүү керек. Бул спорттук чуркоого да байланыштуу. Бир караганда оңой сыяктуу: көчөгө чык да алың жеткенче жүгүр. Бирок ушундай жөнөкөй машыгуунун өзүндө да белгилүү бир эрежелерди сактоо керек. Андай болбосо, чуркоо сизге пайда эмес, зыян алып келет.

Чуркоо машыгуулары жүрөк булчуңдарын эти менен дем алуу системасына салмак түшөт. Бул дени сак адамдарды чыдамкай болууга тарбиялайт, бирок жүрөк-кан тамыр системасын жетишпестик барларга зыян алып келүүсү мүмкүн. Ошону менен катар муундар менен омурткасы ооругандарга жүгүрүүгө болбойт.

Таң эртең менен чуркап машыккан жакшы. Биринчиден, анда организм уйкудан тез ойгонот жана сергийт. Экинчиден, эртең мененки убакытта биздин организмибиздеги бош көмүр суулары деңгели өтө төмөн болот, ошондуктан жүгүрүүгө майларды кетирүүгө алынуучу энергия жумшалат. Ал эми бул арыктоого себепчи болот. Үйдөн чыгаарда бир стакан гана суу ичип, эртең мененки тамак ичпешиңиз керек.

Чуркаардан мурда уктап жаткан булчуң эттерди ойготуп, машыгууга даярдоо үчүн жеңил машыгуу жасоо кажет. Негизинен биздин денебиздин генетикалык деңгээли кантип туура чуркоо керектигин өзү жакшы билет. Бирок, сиз ага ишенбесеңиз, анда муну акыл-ойдун жардамы менен байкоо салыңыз. Кол буттарыңыз бүгүлүп, аркаңыз түз болуп туруусу кажет жана аябай көп күч салбашыңыз зарыл. Абаны ичке мурун менен тартып, ооздон чыгарыңыз. Бутуңузду жерге согончогуңуздан бери бирдей салмак салып туруңуз. Ошондо гана денеңиздин бүтүндөй салмагы таманда бирдей салмакта болуп турат. Жүгүрүүгө арналган атайы бут кийим сатып алыңыз.

Чуркоонун негизи ылдамдыкта эмес, көнүгүүлөрдүн туура болушунда. Ошондуктан спринтердик ылдамдык менен козголууга тырышыңыз. Бешик араба сүйрөп жүргөн энелерден, ит менен сейилдеп жүргөн чоң энелерден ашып бара жаткан болсоңуз, анда ал туура ылдамдык болуп саналат. Бир мүнөткө ылдамдыкты күчөтүүгө болот. Жүгүрүү машыгууларын бүткөндөн кийин дароо токтоп калбаңыз. Жүрөк согушу менен кысымдын калыбына келтирүү үчүн 300-500 метр шашпай басыңыз.

Чуркагандан кийин душ алуу миледтүү болуп саналат. Тер менен бирге организмдеги туздар менен токсиндер кошо чыгат. Аларды дароо жууп жибербесеңиз, алар териңизге сиңип кетип, жүгүрүүдөн алынган пайда бекерге кетет.

Чуркоого канча убакыт жумшоо керектиги тууралуу айтсак, машыгуунун эң төмөнкү узактыгы 20 мүнөт бөлүнөт. Антпесе пайдалуу заттар иштеп жетишпей калат. Чуркоону жумасына эң аз дегенде үч жолу кайталап туруу кажет. Чыныгы жан күйөрлөр жүгүрүүгө күн сайын жарым сааттан кем эмес убакыт бөлүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!