Эң пайдалуу табигый ширелер

21-Июль 2017, Жума

Табигый шире - глюкозанын, фруктозанын жана минералдык заттардын булагы. Анда кандагы холестеринди түшүрүүчү, ашказан-ичегинин ишин жөнгө салып туруучу пектин да бар. Ошондой эле курамына жараша ар бир жашылча же жемиш ширеси өзүнчө пайдалуулукка ээ.

Бадыраң ширеси

Косметологиялык максатта кеңири колдонулат. Себеби, бул шире күндүн таасиринен пайда болгон тактарды, сепкилдерди, кара чекиттерди жок кылуучу сапатка ээ. Ошону менен катар организмди терчилдиктен сактайт жана терини агартат. Андыктан, күн сайын бир литрге чейин бадыраң ширесин иче берүүгө болот. Бирок, жаңы гана сыгылган ширени, болбосо ал 30 мүнөттөн соң өз касиетин жогото баштайт.

Ашкабак ширеси

Бул ширени кант диабети, семирүү, табарсык оорулары менен күрөшүүдө тынымсыз ичүү натыйжаны тез берет. Эркектер үчүн күчтү, энергияны жоготпоого, картайбоого өбөлгө. Курамындагы А, Е витаминдери териге бырыш түшүрбөөгө жардам берсе, В витамини чачтын, тырмактардын бекем болуусун шарттайт. Саламаттыгы чың адам эртең мененки тамак алдында (30 мүнөт мурун) жарым стакан (50 г) ашкабак ширесин ичсе болот. Дарылануу таризинде 10 күн бою ушул эле көлөмдө күнүнө 3 жолудан ичүү шарт. Ал эми уйкусуздуктан жабыркаганда жатар алдында ичип алуу керек.

Жүзүм ширеси

Кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүү үчүн эң жакшы каражат. Ал үчүн муну 1-1,5 ай бою күнүнө 3 жолу тамак ичүүгө бир саат калганда ичүү керек. Жарым стакан (50 г) менен баштап, бир жарым стакан (250 г) менен аяктаган туура. Нерв системасы жабыркаган, өзүн алсыз сезген, булчуңдары талып ооруган шартта да жакшы пайдасын берет. Бирок, кант диабети, ашказан жарасы, өнөкөт өпкө оорусу барларга ичүүгө болбойт.

Сабиз ширеси. Иммунитети начар адам күнүнө бир стакандан сабиз ширесин ичүүгө милдеттүү. Анткени, бул шире табитти ачат, тамакты аш кылат жана организмди шлактардан тазалайт. Бирок, ашказан жарасы, кант диабети бар болсо, ага болбойт. Сабиз ширесинин эч кандай зыяны жок, ал көрүүнү жакшыртуучу, оорудан кийин алгачкы саламаттыкты кайтаруучу, тишти бекемдөөчү, терини чыңдоочу касиетке ээ. Мунун сыры анын С, В, L, E, K витаминдер тобуна бай болгондугунда.

Анар ширеси

Анарда аскорбин кислотасы көп, андыктан, аны анемия же талма менен ооруган шартта ичип турса болот. Ал химия терапиясынан өткөн адамды да тезирээк өзүнө келтирүүчү күчкө ээ. Кант диабети менен ооруган адам күн ара 0,5-1 стакандан ичип турса, анар ширеси кандагы глюкозаны жөнгө салууга жардам берет. Ал эми дени-карды сак адам үй шартында жаңы сыгылган анар ширесин таза бойдон ичпеши керек, ага 1:3 өлчөмүндө сабиз, кызыл кызылча же кайнатылган суу аралаштыруу зарыл.

Кызылча ширеси

Кызылча ширеси - аялдардын суусундугу. Ал гормоналдык фонду, айыздык циклди нормалап турат, аз кандуулуктан айыктырат жана жүрөк, ашказан-ичеги ооруларынын алдын алат. Бул максатта кызылча ширесин бир ай бою күнүнө 3 жолудан тамак алдында (20 мүнөт мурун) ичүүгө болот. Бир аш кашыктан баштап жарым стаканга (50 г) жеткирүү туура. Муну жазгы чарчоодо, алсыроодо жана стресстен чыга албай кыйналганда да ичкен натыйжалуу.

Эскертүү!

Жаңы сыгылган шире витаминге бай болот. Мындай концентрация бир дагы медициналык дарыда жок. Андыктан, бир жемиштин же жашылчанын ширесин дарылануу же оорунун алдын алуу максатында ичип жаткан маалда ага экинчисин аралаштырбоо керек.

Апельсин ширеси

Бул шире С витаминине бай. Аны күн сайын ичсе, ашказан, ооз жана тамак рагына чалдыгуунун алдын алат. Денеге сүртүп, бир аздан соң жууп салса, ал күн нурунун зыяндуу таасиринен сактайт жана теринин бат картаюусуна жол бербейт. Тамакты көп жеп алганда да тез аш кылуу үчүн ичүүгө болот. Бирок, апельсин ширесин күнүнө 100 граммдан, жумасына 500 граммдан ашык ичкенге болбойт.

Алча ширеси

Канда гемоглабин төмөн болсо, алча ширесин чектебей эле иче берүү керек. Ал аз кандуулукту жоёт. Бул айызы көп келген айымдарга да мүнөздүү. Алча ширеси кош бойлуу айымдар үчүн маанилүү ичимдик, анын курамындагы фолий кислотасы менен В тобунун витаминдери түйүлдүктү энеден балага өтүүчү оорулардан коргойт. Атеросклероз менен гипертониядан алыс болууну кааласаңыз да ширенин ушул түрүнө ыктаңыз.

Помидор ширеси

Организмде зат алмашуу бузулуп, адам жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруп жүргөндө помидор ширесин ичип турганы жакшы. Мунун курамындагы калий жүрөк булчуңунун функциясын так аткарууга шарт түзөт. Бул ширеге эч убакта туз кошпоңуз, туз ширедеги пайдалуу деп эсептелген каротинди, С витаминин, В витаминдер тобун жокко чыгарат. Эки стакан (200 г) томат ширеси организм муктаж болгон бир суткалык С жана А витаминдеринин ордун толтурат.

Алма ширеси

Алма ширесин бир күндө бир литрге чейин иче берүүгө болот. Ал В тобундагы витаминдерге жана С витаминине бай болгондуктан, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат, боор, табарсык, бөйрөк оорулары үчүн пайдалуу. Бирок, ашказан жарасы, гастрити барларга болбойт. Алма ширесин күн сайын ичип турса, баш мээнин клеткалары стресске, адам склерозго чалдыкпайт жана ал кишинин интеллектуалдык деңгээли күчтүү болот.

Сатыктагы табигый делген ширелерди көпчүлүк чыныгы табигый ширелер деп ойлойт. Чындыгында андай эмес. Буга серепчилер келтирген төмөнкү маалыматтар далил:

250 г ширеде 6 чай кашык шекер бар, ал кант диабетин чакырат

Сыртында "шекер кошулбаган" деген жазуу бар болсо, мындай ширеге шекерди алмаштыруучу жасалма татымал кошулат, мунун зыяны алда канча көп кырдуу болот

Ширеге кислота кошулат, ал тиштин эмалын бузат

Башка өлкөдөн алынып келинген шире сатыкка чыгарда ага калыбына келтирүүчү химиялык кошулма кошулат. Ал болсо ширедеги витаминдердин жарымын жокко чыгарып салат

Бул таасирден улам айрым аминокислоталар, углеводдор өз касиеттерин өзгөртүп жиберет, башкача айтканда, организмге пайдалуу болбой калат.

Андыктан, үй шартында сыгылган жаңы шире гана чыныгы табигый деген атка татыктуу. Эмесе, ага карата кеңештер:

Шире үчүн жаңы жашылча- жемиштерди колдонуу керек

Чириги бар жашылча- жемиштерден шире сыкпаңыз

Жашылча-жемиш таза жуулууга тийиш

Шире натыйжалуу таасир этсин үчүн аны сыгылгандан 10 мүнөткө жетпеген аралыкта ичүү зарыл

Ширени тамак алдында (30 мүнөт мурун) ичүү шарт

Данектүү жемиштердин ширесин башка ширеге аралаштырып ичүүгө болбойт

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!