Дарбыз менен коондун баа жеткис пайдасы

25-Июль 2017, Шейшемби

"Кайсынысы даамдуу - дарбызбы же коонбу?" деп талашкандар көп болсо керек. Ошентсе да жыпар жыттуу, таттуу, ден соолукка пайдалуу бул түштүк жемиштеринен эч ким баш тарта албаса керек. Келгиле, дарбыз менен коон чындыгында эмнеси менен пайдалуу экендигин чогуу талдайлы.

Дарбыз эмнеси менен пайдалуу?

1. Кош бойлуу аялдар үчүн пайдалуу. Дарбыз кош бойлуу аялдар үчүн эң пайдалуу азык. Анткени, ал түйүлдүктүн нерв клеткаларынын калыптанышын жолго салат. Мындан тышкары, батыраак боюна бүтүрүүнү каалаган айымдарга бул таттуу бакча өсүмдүгү сунуш кылынат.

2. Бөйрөктөгү кумду айдап чыгат. Дарбыздын заара кубалоочу касиети баарыбызга белгилүү. Мындан тышкары, тазаланууну каалагандар үчүн да дарбыз табылгыс дары. Адам 4-5 күн бою күн сайын ач карын абалында 2 килограммдан дарбыз жегенде (2 маал - эртең менен, кечинде) бөйрөгүндөгү кумдарын сыртка кубалап чыккан болот.

3. Беттин түсүн жакшыртат. Дарбыз бөйрөктү кумдан тазалап гана тим болбой, ал заң чыгарууну жакшыртат. Натыйжада, беттин түсүнүн жакшыргандыгы байкалат.

4. Ашыкча холестеринди алып чыгат. Дарбыз клетчаткага бай. А клетчатка болсо атеросклероз оорусунун негизги күнөөкөрү болгон ашыкча холестеринди бөлүп чыгарат.

5. Арыктатат. Дарбыз - арыктоо үчүн кеңири колдонулган азыктардын бири. 10 күн дарбыз диетасын кармаган айымдын максаты натыйжалуу болот. Айта кетчү нерсе, бул күндөр аралыгында дарбыздан башка эч нерсе жебөө керек. Ал эми ачкачылыкты көтөрө албагандар кара нанды аралаштырса болот.

6. Жоон ичегинин сезгенүүсүндө жардам берет. Элдик медицинада жоон ичегинин сезгенүүсүн дарбыздын кабыгы менен дарылоо кеңири таралган. Ал үчүн 80-100 грамм кургатылган дарбыздын кабыгынын үстүнө 500 мл кайнак суу куюп, муздаганга чейин тыныктырган соң жарым стакандан бир күндө 4-5 жолу ичүү керек.

Этиет болуңуз...

Эгер дарбызды моокумуңуз канганча жегиңиз келсе, анда акыркы 2-3 сааттын ичинде туздуу азыктарды жебегениңиз оң. Анткени, туз суюктукту организмде кармап турат. Натыйжада, шишик пайда болот, ошондой эле жүрөк оорулууларга ашыкча жүк болушу мүмкүн.

Өнөкөт ичеги оорусунан жабыркагандар дарбызга көп азгырылбоо керек. Анткени, дарбыз ичтин көбүшүн чакырат.

Кош бойлуулуктун акыркы үч айында дарбызды токтото туруунун пайдасы эле болбосо, зыяны жок.

Коон эмнеси менен пайдалуу?

1. Маанайды көтөрөт. Көлгө барганда жээкте көбүрөөк коон жесеңиз, ал тегиз, жакшы күйүүнү камсыз кылат. Мындан тышкары коон маанайды көтөрөт, уйкусуздуктан арылтат, чарчоону, кыжырданууну басат.

2. Коон бир гана аялдардын сулуулугуна эмес, эркектердин "күчтүүлүгүнө" да өз таасирин тийгизет. Коондун семичкесин ыргытпаңыз, ал эркектерди жыныстык жактан күчтүү кылууга жөндөмдүү. Анткени, ал цинкке бай, цинк болсо сперманын сапатын жакшыртат. Муну жаңы семичкенин өзүн же бал кошуп чайноо менен ишке ашырууга болот. Бирок, чектен чыгууга болбойт - бир күндө 2 граммдан көп эмес!

3. Заарадагы жана өттөгү таштарга пайдалуу. Заманбап медицинада коон организмди тазалоодо колдонулат. Заарадагы жана өттөгү таштарды тазалоодо коон эң жакшы натыйжа берет.

Этиет болуңуз...

Коонду сүт азыктары жана алкоголдук ичимдиктер менен аралаштырып колдонгондо тамак сиңирүү системасында бузулуу келип чыгат.

Эмчек эмизген эненин баласынын тамак сиңирүү системасында да бузулуулар болот.

Кант диабетинен жана ашыкча салмактан жабыркаган адамдар коондун ажайып даамын унутууга аргасыз болушат.

Ашказан жарасы жана гастрит менен ооругандарга да коон болбойт.

Дарбызды кантип тандоо керек?

  • Чоң, бирок өтө оор эмес
  • Кол менен ургулаганда катуу добуш чыгуусу керек.
  • Кысканда чытырап туруусу керек.
  • Кесилген жери жок, жарылбаган болуусу кажет.
  • Дарбыз жабык, чатыры бар жерде, жеке даярдалган орундарда сатылуусу тийиш.
  • Жана сатып алгандан кийин жууп, тазалап, кургак чүпүрөк менен сүртүүнү унутпаңыз.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!