Суу ичип арыктаңыз

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Келбетиңизди кайра калыбына келтирүү үчүн эч бир диетасы жок жалаң гана суунун жардамы менен арыктоо мүмкүн экенин билесизби?

Америкалык дарыгерлердин изилдөөсү боюнча сууну аз ичкен адамдардын териси тез картайып, бырыш түшөт. Ошону менен бирге 2-2,5 литр суу ичпеген адамдарда толуп кетүү коркунучу бар экен.


Суунун жардамы менен арыктоонун жолдорун карайлы

Россиялык диетологдор аялдарды ашыкча салмактан арылтуу үчүн суу менен тажрыйба жүргүзгөн. Адистер аларга эртең менен ачкарын эки стакан муздак сууну ичүүнү милдеттендирген. Ортодо 20 мүнөт өткөндөн кийин эртең мененки тамакты ичүүгө кеңеш берген. Ушундай жол менен аялдар түшкү, кечки тамактардын алдында милдеттүү түрдө 2 стакан суу ичип турушкан. Эки жумага созулган бул тажрыйбанын жыйынтыгында катышуучулардын баардыгы 3-4 киллограмга арыктаган. Мындан сырткары, алардын жүзү ажарланып, денесиндеги коюланган кандар суюла түшкөнү белгилүү болгон.

Андыктан сиз жана биз да күнүнө 2-3 литр суу ичүүнү адатка айландырсак. Мындай жол менен ашыкча салмактан арылып, ден соолугубузду жакшырта алабыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!