Жатаарда тамак ичкен зыянбы?

1-Авг. 2017, Шейшемби

"Жакшы тамак калганча - жаман курсак айрылсын" деген сөздү ураан туткан учурлар болот. Канчалык карманган менен жатаарда тамактанып, ашыкча салмак кошуп жатканыңыз сизге тынчтык бербей келеби? Анда төмөнкү кеңештерди колдонуп, эркиңизди башкарууга аракет кылыңыз.

1. Суюктук ичип ашказаныңызды алдай турсаңыз болот. Минерал суусу менен бир кесим лимон же болбосо томат согу менен бир чыны көк чай курсагыңыздын ачканын көп убакытка чейин сездирбейт.

2. Ысык ваннага түшүңүз. Анткени, суу бүткөн боюду жибитип, ачкалыкты аз убакытка унуттурат.

3. Ар түрдүү жагымдуу жыттар көңүлүңүздү тамактан башка нерсеге буруп, маанайыңызды көтөрөт. Ар кандай атырлардын жыттары же болбосо кадимки эле цитрус өсүмдүктөрү жардам берет.

4. Көрүнүктүү жерлерге жер-жемиштерден коюп, чыдамыңыз кетип бара жатканда алар менен өзөк жалгап алыңыз. Жер - жемиштердин пайдасынан башка зыяны жок экени баарыбызга маалым.

5. Уктаар алдында сейилдеп келсеңиз болот. Таза абадагы сейил тамак жөнүндөгү ойдон аздыр-көптүр оолактатат. Бирок, таза аба адамдын табитин кайра ойготушу мүмкүн. Ошондуктан, сейилдеп келгенден кийин дароо уйкуга кеткен оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!