Сүт салмактан арылтат

2-Авг. 2017, Шаршемби

Сүттүн пайдасы менен зыяны тууралуу эл ичинде көптөгөн пикирлер айтылып келет. Кээ бири сүт адам баласына кичинекей кезинде эле керек, чоңойгондо аны ичүү зыян деп эсептешсе, кээ бири сүттү өмүр бою ичүү керек анын пайдасынан башка зыяны жок деген пикирде.

Чынында сүттүн ден соолукка болгон пайдасы өтө чоң. Эгерде сиз ашыкча салмактан арылууну көздөсөңүз күнүгө эртең менен бир стакан сүт ичип турганыңыз оң. Себеби сүттүн курамындагы кальций денедеги ашыкча майларды жок кыла алат.

Уйкуңуз качып, канчалык чарчап турсаңыз да мемиреп уктап кете албай жаткан болсоңуз, жатаар алдында бир стакан сүткө балды аралаштырып туруп ичсе адамдын организмин жибитип, уйкусун тез келтирет. Мындан тышкары сүт суусунду кандырат экен. Окумуштуулардын далилдөөсүнө караганда сүт азыктарын үзбөй колдонгон адам инфаркт, инсульт сыяктуу коркунучтуу ооруларын 50 пайыз азайтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!