Тооктун эти ооруларды алдын алат

9-Авг. 2017, Шаршемби

Америкалык диетологдор кант диабетинен жабыр тарткандарга рационуна мал этинин ордуна тоок этин киргизүүнү сунушташат. Анткени тооктун эти кандагы "жаман" холестеринди түшүрүүгө жана заарадагы белоктун өлчөмүн азайтууга жардам берет экен. Мындан тышкары тоок эти инфаркт, инсульт ооруларынын алдын алып, гипертониянын өнүгүү коркунучун азайтат, организмдеги зат алмашууну нормалдаштырып, иммунитеттин бекемделишин жөнгө салат.

Тооктун этинде эттин башка түрлөрүнө караганда белок көп, а май аз - болгону 10%. Адамга зарыл болгон аминокислотанын өлчөмү боюнча эттин бул түрүн лидер десе болот - ал тоок этинде 92 %ды түзөт. А холестерин таптакыр аз, балыкка караганда бир азга көбүрөөк.

Тоок этинин дагы бир өзгөчөлүгү - ал организмге жеңил сиңет. Андагы белоктордун кошулмасы суук тийүү ооруларына каршы турат. Тоок этинде организмге зарыл болгон В тобунун витаминдери жана фосфор, кальций, жез, магний жана башка микроэлементтер бар.

Өтө куурулган жана ачуу татымалдар кошулган тоок эти сиздин организмиңизге пайда алып келмек түгүл тескерисинче, зыян алып келиши мүмкүн. Эң жакшысы - жөжөнүн же жаш тооктун эти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!