Эмне үчүн диета кармайсыз?

10-Авг. 2017, Бейшемби

Кыздар үчүн эң кыйыны өз салмагы менен күрөшүү чыгар. Спорт менен жаш чагыңыздан бери алектенбесеңиз, ар дайым машыгуу да оңой эмес. Күтүлбөгөн жерден жалкоолонуп, таштап салууңуз да мүмкүн. Диета да ошондой. Качанкыга чейин өзүңүздү тамактан чектей бересиз, бир күнү колду бир жолуга шилтеп таштайсыз. Баарына чыдап, болушунча салмак таштаган күндүн өзүндө да бир аз убакыттан кийин кайрадан толуп, мурунку абалыңызга келип калууңуз да мүмкүн.

Натыйжасына кол жеткирүү үчүн алгач өзүңүздү абдан жакшы даярдап алыңыз. Ашыкча салмак таштоого денеңизди гана эмес, жан дүйнөңүздү да даярдаңыз.

Эмне үчүн ашыкча салмак таштайсыз?

Анткени, дени сак болууну каалайсызбы? Ашыкча салмак- бул ден соолугуңуздун номер биринчи душманы. Ашыкча салмактын кесепетинен: бактысыз жеке жашоо, өз-өзүңдү жек көрүү, адамдар менен карым-катнаштагы кыйынчылыктар, гормондордун бузулуусу, жүрөк кан-тамыр оорулары жана башка ушу сыяктуу болуп уланып кете берет.

Алгач, ашыкча салмак эмне экенин тушүнүү керек. Ал кайдан пайда болот? Ашыкча салмак биринчи кезекте туура тамактануу менен кыймылдын аздыгынан келип чыгат. Ал эми туура тамактануу-семирүүгө гана эмес, ашказан, жүрөк, бөйрөк, боорлрдун иштөөсү бузулат.

Өзүңүздүн толуктугуңуздан уяласызбы? Мүмкүн жакынкы убакытта күйөөгө чыкканы жатасыз? Же болбосо күйөөңүздүн сизге деген көз карашы арык кезиңизге караганда өзгөрдүбү? Же болбосо көп жашагыңыз келеби? Арыктоонун себебин аныктаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!