Семирүү - бул олуттуу оору

8-Сен. 2017, Жума, 17:31

Адистер семирүүнү олуттуу оору деп эсептешет жана анын алдын-алууну сунушташат.

Семиздер үчүн
Эң аз калориялуу азыктар
Гилас, өрүк, кычкыл алма
Бадыраң, салат жалбырагы
Бүлдүркөн, кара карагат
Козу карын кошулуп жасалган салаттар
Торпоктун, уйдун бөйрөгү жана майсыз, сөөксүз эт
Балык эти
Майы жок же курамында майы аз сүт азыктары

Семиз адамда кайсы оорулар пайда болот?
Кант диабети
Ар кандай жүрөк оорулары, анын ичинде инфаркт
Кан басымдын жогору болушу жана инсульт
Өт оорусу
Боордун циррозу
Артрит
Омурткалардын грыжасы
Уйку без оорусу
Рак оорулары
Тери оорулары
Айыз циклинин бузулушу
Жаралардын оңой менен бүтпөгөнү
Дем алуунун оорлошу жана астма
Себеби аныкталбаган күтүүсүз өлүм
Семиздер үчүн арыктоо кеңештери
Бир күндө 1-2 жолу сөзсүз тамактаныңыз. Андан азайып кетпесин.
Күнүнө 300 граммдан ашык нан жегенге болбойт.
Эгерде семирүүнүн 3-4-даражасында болсоңуз, акшак жана макарон азыктарынан, ошондой эле шекер, бал, кыям жана башка таттуу азыктардан толугу менен баш тартыңыз.
Майды таптакыр жебей коюуга уруксат эмес. Күн сайын 55-75 г май жеп турушуңуз зарыл.
Апта сайын бир күндү жеңил күнгө айлантышыңыз керек. Тактап айтканда, эт күнү же быштак күнү же алма күнү кылсаңыз болот:
- эт күнү: бир күнгө 250-300 г сууга тузу жок бышкан эт жана туз кошулбаган жашылча гарнири (муну өзүңүз 3-4 маал бөлүп жейсиз);
- быштак күнү: бир күнгө 400-600 г быштак, 60 г каймак май;
- сүт күнү: бир күнгө 6-8 стакан сүт же кефир;
- май күнү: бир күнгө 300 г каймак;
- мөмө-жемиш күнү: бир күнгө 1,5 кг мөмө-жемиш;
- алма же бадыраң күнү: бир күнгө 2 кг алма же 2 кг бадыраң.



Мындан тышкары...
Төмөнкүлөр да адамды семирүүгө алып келиши ыктымал:

Жатаар алдында көп тамактанып алуу.
Түнкүсүн туруп тамактануу.
Күндүз басып-туруп жүрүп деле бир нерселерди жеп-иче берүү.
Ун азыктарынан жасалган тамактарды, кондитердик азыктарды, таттууларды, спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу. Эсиңизде болсун, алкоголь өтө калориялуу. 1 г алкоголдук ичимдиктин курамында 7 ккал бар!

Себептери
Медицинада үч башкы себеби бар:

Ашыкча тамактанып, аз кыймылдоо. Мында организмге чогулган ашыкча калория майга айланат.
Генетикалык бузулуу же тукум кубалоо.
Эндокриндик оорулар.

Даражалары

1-даражадагы семирүү. Салмагыныз идеалдуу салмактан 15-20 килограммга ашык болот. Мисалы, сиздин идеалдуу салмагыңыз 55 кг болуш керек болсо, бирок 75 кг болуп жатсаңыз, демек, семирүүгө дуушарлангансыз.
2-даражадагы семирүү. Салмак иделдуу салмактан 25-31 килограммга ашып кетет.
3-даражадагы семирүү. Идеалдуу салмактан 45-51 килограмм ашат.
4-даражадагы семирүү. 51 килограммдан да ашып кеткен болот.



Эгерде семирип кетүүнү каалабасаңыз...

Бир күндө 4-5 жолу, бирок көп эмес, аз-аздан тамактаныңыз.
Ачка болбосоңуз, тамактанбай эле коюңуз.
Жай, шашпай чайнап жутуңуз.
Азык-түлүк сатып алып жатканда анын курамында канча май бар экенине жана калориялуулугуна көз жүгүртүңүз.
Тамакты өтө майлуу кылбай, аз өлчөмдөгү майга кууруңуз.
Колбаса, сыр, балмуздак, кондитердик азыктардын майлуулугу жогору экенин биле жүрүңүз.
Ар бир жолу тамактанарга аз калганда бир стакан газы жок минералдык суу ичип алыныз.
Тузду аз колдонуңуз.
Сыналгы көрүп отурганда, компьютерде иштеп жатканда же машина айдап баратканда бир нерсе ичип-жегенди адатка айлантпаңыз.
Кафе-ресторандардан калориясы аз тамак-аштарды алыңыз.
Мүмкүнчүлүгүңүз болсо жума сайын салмагыңызды өлчөп, андагы өзгөрүүлөргө байкоо салып туруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!