Сүйүктүү тамагыңыз сиз тууралуу эмне дейт

12-Сен. 2017, Шейшемби, 12:01

Адамдын жүрүш-турушу, кийген кийими, ичкен-жегени өзү тууралуу кабар берип турат. Мисалы, сүйүктүү тамагыңыз да сиздин кандай экениңизди, мүнөзүңүз менен ким экениңизди ачып бере алат. Текшерип көрөлү:

Туздуу тамактарга кумар адамдардын организми кээ бир минералдык заттарга муктаж. Алар көп учурда тагдырга ишенип, өмүрдүн агымы менен жүрүшөт. Алар өмүрүн өздөрү эмес, курчаган адамдар менен жагдайлар чечет деп ойлошот.

Шоколаддагы серотин (бакыттын гормону) жетишпестигинен болот деп эсептешет окумуштуулар.

Ачуу шоколадды ар дайым көпчүлүктүн назарында болууну каалагандар тандайт. Ал эми сүттүү шоколадды жалгыздыкты жактырган интроверттер жакшы көрүшөт экен.

Ачуу тамактарды кан басымы "секирген" адамдар жактырышат. Мүнөзү тууралуу айтсак, мындай адамдар тазалыкты, иреттүүлүктү сүйгөндөр.

Конфеттерге кумар жандар өмүрдү сүйгөн, өзгөчөлүктү жактырган адамдар болушат. Алар башынан өткөн окуялар менен кабыл алышкан чечимдери тууралуу эч өкүнүшпөйт.

Таттууга да, туздуу тамактарга да бирдей караган адамдар талантуу, башкача ойлонгондордун катарында. Көпчүлүк учурларда алар жалгыздыкты тандашат. Башкаларга ички-жан дүйнөсүн ача беришпейт.

Этсиз өмүрүн элестете албаган адамдар бийликти сүйгөн реалистер. Көп учурда ийгиликтүү, бай болушат.

Заманбап бургер, куурулган картошка, башка дагы фастфудту күндө жегендер чапчаң, күчтүү, бышык адамдар болушат. Алар ар дайым кыймылда болушат.

Сүт, йогурт, айран жана башка сүт азыктарын жакшы көргөндөр назик, камкор, мээримдүү жандар. Алар жалгыздыкты каалашпайт. Чоң үй-бүлөлүү жана көп балалуу болууну кыялданышат.

Өтө ачуу тамактарга жакын адамдар кызганчаак, жини чукул болот. Алар кызыктуу, татаалдашкан окуяларды тилеп отурушат.

Жашылча-жемиштерди жактыргандар эмгекчил жана күчтүү келишет. Ал эми мөмө жемиштерди көп жегендер чыгармачылык жөндөмү бар, сезимтал болот.

Туздуу балыкка жакын адамдар туруктуу, олуттуу мүнөз ээлери. Бирок карым-катнаш жагынан керемет болбошу мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!