Арыктатуучу пластырь чыгарылды

27-Сен. 2017, Шаршемби, 10:28

Колумбия университетине караштуу Медицина борбору менен Түштүк Каролина университетинин бир топ окумуштуулары арыктатууга жардам берүүчү нанопластырь ойлоп табышты. Жаңы өндүрүштү алар сынак ирээтинде чычкандарга колдонушкан.

Окумуштуулар жасап чыгарган пластырь тери алдындагы ак майды күрөң майга айландырат. Натыйжасында адам ашык салмактан арылып, арыктай баштайт.

Изилдөөчүлөр денедеги майды ээритүүчү росиглитазон препаратын текшерип көрүштү. Пластырьдагы нанобөлүкчөлөргө орнолгон препарат микро ийнелердин жардамы менен териге жабыштырылат. Кийин алар ээрип, дары бөлүнөт.

Нанопластырьдын пайдасын текшерүү үчүн эң алгач чычкандарга сынак жүргүзүлдү. Окумуштуулар кемирүүчүлөргө эки түрдүү пластырь жабыштырышкан. Алардын бирөөсүндө дары болсо, экинчиси бош болгон. Пластырь ар бир үч күн сайын жаңысына алмаштырылып турган. Изилдөө төрт жумага созулган. Ушул убакыт аралыгында адистер чычкандардын салмагын, физикалык иш-аракетин, табити менен зат алмашуу процессине байкоо жүргүзүшкөн. Натыйжасында дары бар пластырь жабыштырылган дененин бөлүгүндө май 20 пайызга азайган. Буга кошумча ак май клеткалары азайып, тескерисинче күрөң май клеткалары көбөйгөн. Ошондой эле чычкандардын канында кант өлчөмү да азайган.

Окумуштуулардын пикири боюнча, келечекте жаңы ыкманы адамдарга да колдонуу абдан мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!