Витаминге бай коктейль

12-Окт. 2017, Бейшемби, 11:21

Ар түрлүү мөмө жана жашылча-жемиштерден жасалган коктейлдер таттуу жана пайдалуу болуп саналат. Курамында витамин көп болгондуктан, тоюмдуу суусундуктардын бири экени шексиз. Балдардын сүйүп ичүүчү суусундугун жалаң гана дүкөн, кафелерден сатып албастан, үй шартында даярдооңузга болот.


1. Тери менен тамырлар үчүн пайдалуу жашылча-жемиш коктейли

Бул коктейлди А, Е жана С витаминдерине бай жашылча менен жемиштерден даярдоо керек. Ошонудуктан курамында каротин менен Е витамини бар сабиз, С витаминине бай апельсин менен грейпфруттан жасаңыз.
Коктейлди даярдоо үчүн 3 чоң сабиз, 2 апельсин керек. Экөөнүн ширесин башка-башка идишке сыгып алып, калганын блендер аркылуу аралаштырыңыз. Ошондой эле бул коктейлге имбирдин тамырын кошууга болот.

2. Организмдеги токсиндерди чыгаруучу жер жемиш коктейли

Коктейлди кызылча, сабиз менен бадыраң ширесин аралаштырып жасайбыз. Бирок алгач кызылчаны 2 саат муздаткычта сактоо кажет. Бул коктейлди болушунча көп ичсеңиз, бөйрөк, өт, боор менен кан тамырларды тазалайт. Ошондой эле, онкологиялык ооруларды алдын алат.
Концентрацияланган кызылча ширеси баш айлануу менен жүрөктүн катуу согушуна алып барышы мүмкүн. Ошондуктан аны аз –аздан ичип үйрөнүү керек.

Бир порция даярдоо үчүн 100 мл тунган кызылча ширеси 100 мл бадыраң менен 100 мл сабиз ширесин аралаштыруу керек. Сабиз ширесинин ордуна ашкабак ширесин, ал эми бадыраңдын ордуна капустаныкын колдонсо да болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!