Эң пайдалуу машыгуулар

18-Окт. 2017, Шаршемби, 15:34

АКШнын Гарвард университетинин медициналык мектебинин доктору Мин Лии адамдын организмине пайдалуу машыгуунун беш түрүн атап өткөн. Бул машыгуулар ашыкча салмак таштоого, булчуң эт сөөктөрүнө, жүрөк жана мээнин саламатта болушуна пайдалуу. Алар:

Сүзүү:

Денедеги баардык булчуң эттердин жардамы менен иштегенде сиз «эң жакшы машыгуу» менен алектенүүңүз керек. Милдеттүү түрдө сүзүүдө 30-45 мүнөт булчуң эттер иштеп турушу кажет. Туруктуу сүзүү өнөкөт ооруларды алдын алууга жардам берет.

Taй Чи:

Терең дем алуу машыгуулары бар “Tai chi”, баардык жаштагы адамдарга ыңгайлуу. Бул кытайлыктардын машыгуу түрү жай кыймылдары менен булчуңдарды күчтөндүрөт жана картайган кезде жоготкон тең салмактуулукту бир калпта кармайт.

Тренингти күчөтүү:

Денедеги ашыкча салмакты эритип, булчуң эт ылдамдыгын артыруу менен сөөктөрдү бекемдейт. Үйдө же болбосо сыртта жүргөндө бул көнүгүүнү жумасына эки ирээт кайталап туруу кажет.



Жөө сейилдөө:

Күнүнө 20 мүнөттүк сейилдөө узак өмүрдүн керемет сырларынын бири жана семирип кетүүгө каршы эң күчтүү курал экени айтылат.





Кегель машыгуулары:

Жамбаш булчуң этерин бекемдөөгө арналган машыгуу картаю, кош бойлуу жана ашыкча салмактын кесепетинен алсыраган булчуң эттерди ордуна келтирет. Күнүнө 4-5 жолу кайталаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!